Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Талас

Элдик уламыш: Таласта Чачыкейдин көз жашы тамган таш азыр да сакталуу (фото)

Turmush -  Талас облусунда Чачыкейдин ташы деп аталган чоң таш бар.

Манас энциклопедиясындагы маалыматка караганда, Кең-Колдун куймасы, Очойдон түштүгүрөөк, туура суунун кечмелигинде салмагы 2-3 тоннадай сыйда кызгылтым, үстү жалпак таш жатат. Таштын бетин эчен кылымдан бери суу жалмап, суу киргенде таштардын жанчылгандыгына карабастан жаңыдан тоборсуган ак чопого жылаңайлак адамдын таман изине чейин даана түшкөндөй аялдын изи сакталып калган.

Жергиликтүү тургун Жумадил Мамековдун айтымында, илгери Акундун кызы Айчүрөк келип, ушул жерге конгон. Өзүнүн ак куу кебин бекитип, чачын жууп жаткан Чачыкейди тосо чыга: «Эже, мен сизге келдим. Семетейдин кудалашкан колуктусу мен болом. Семетей билбейт. Бел куда болушкан экен аталарыбыз. Мени Чынкожо, Толтой аялдыкка алам деп атамды чаап жатышат», - дейт.

Чачыкей: «Семетейдин менден башка алаары жок. Сен долусуңбу. Көзгө көрүнбөй кетип кал, болбосо чоролорго өлтүртүп салам», - деп чыр кылат.

Анда Айчүрөк: «Эже, астыңыздан өттүм. Сизге күңдөш эмес, күң болоюн десем болбодуң. Шабыр-Көлдө ак куу болуп жатам да, Семетейдин Ак шумкарын алып кетем. Семетей айласыз мен үчүн болбосо да, Ак шумкары үчүн аркамдан барат. Өз убалың өзүңө», - деп караан үзөт.

Чын эле Ак шумкарынан айрылган Семетей бул окуянын сырын бил деп Күлчорону Чачыкейге жиберет. Чачыкей болгон окуяны баяндайт. Күлчоро Семетейге Айчүрөктүн окуясын айтып барат. Ошондо Чачыкей эримден айрылат экем деп кара ташка сүйөнүп алып ыйлаганда, ташка тамган көздүн жашы азыркыга чейин таш бетинде из болуп калган дешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7741
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×