Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

Кыргызстандык окумуштуулар Японияда изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат

Turmush -  Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Японияда изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Изилдөө боюнча кызматташуу жана Японияда изилдөө иштери уюму Улуттук илимдер академиясынын илимпоздоруна Японияда илимий иш жүргүзүүнүн шарттары менен тааныштырды. Кечээ, 15-ноябрда өткөн жолугушууга уюмдун Пекин кеңсесиндеги директору Куро Хирото катышты.

IMG_6846«Биздин уюм төрт багытта: изилдөөгө тийиштүү демилгелерди каржылоо, окумуштуулардын жаңы муунун даярдоо, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, университеттеги реформаларды жайылтуу боюнча иш жүргүзөт. Биздин уюмга Кыргызстандан кайрылгандар аз. Биздин уюм да дүйнөдөгү буга окшогон башка уюмдардан кем калышпайт», - деди жетекчи.

Аталган уюм быйыл физиология жана медицина жаатында Нобель сыйлыгын алган Ёсинори Осуминин изилдөөлөрүн да каржылаган.

IMG_6848

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2620
Көп окулду
×