Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Депутат А.Арапбаев жогорку окуу жайларда чет өлкөлүк студенттердин санын көбөйтүү керек деп эсептейт

Turmush -  Кечээ, 11-ноябрда Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Азамат Арапбаев билимди экспорттоо - кирешелүү тармак болуп саналарын билдирди.

Ошондуктан, анын айтымында, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын билим берүү деӊгээлин анда окуган чет өлкөлүк жарандардын саны менен аныктоо зарыл, кайсы жогорку окуу жайында чет өлкөлүктөр аз окуса, ал мекемеде билим берүү деӊгээли төмөн экенин билдиреь.

«Мурда Билим берүү министрлиги чет өлкөлүк студенттердин санына чектөө койгон, биз аны алдырып салдык. Анан алардын контрактык төлөмдөрүнө Антимонополия кызматы да аралашууга аракет кылды, биз бул маселени да чечип бердик. Эми өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган чет өлкөлүк студенттердин санын кескин көбөйтүү керек», - деди ал.

Өз кезегинде депутат Евгения Строкова чет өлкөлүк студенттерге карата квоталарды азырынча ошол бойдон калтыруу керектигин айтты. Анын пикиринде, депутаттын сунушу жакшы, бирок чет өлкөлүк студенттердин чектелбеген агымы кыргызстандык жаштардын жогорку окуу жайларына өтүүсүндө кошумча кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4732
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу