Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Казакстанда ВИЧ жана СПИД менен күрөшүүгө бир айлык жарыялашты

Turmush -  Казакстанда саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар мамлекеттик жана эл аралык уюмдар ВИЧ жана СПИД менен күрөшүү боюнча бир айлык жарыялашты.

Казакстанда ВИЧ илдетине кабылган 26 миң казак жараны каттоодо турат. СПИД менен күрөшүү жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча ВИЧтин калк арасында жайылуусу 0,1%дан ашпайт.

Жыныстык жолдон тышкары инъекциялык маңзаттарды колдонуу менен дартты жуктуруп алгандар көп. Быйыл СПИД менен күрөшүү кампаниясы 10-ноябрдан 10-декабрга чейин «Мен ВИЧтин алдын алууга макулмун» деген ураан астында өтөт.

СПИД менен күрөшүү жана алдын алуу борбору Казакстан жашоочуларын бул өнөктүктү колдоого чакырды. Ал үчүн жарандар алакандарына же кагаз бетине ВИЧтин алдын алуу үчүн эмне кылуу керектигин жазып, сүрөткө тартып туруп Фейсбук социалдык түйүнүнө жарыялашы керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1716
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×