Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Жаш ырчы М.Данияров: Шоу-бизнесте өзүңдү ар кандай багытта сынап көрүшүң керек (фото, маек)

Turmush -  Учурда жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчылардын бири, «Бул сүйүү», «Сулуулар кайдан жаралат», «Кыз-жигит» ырларынын аткаруучусу, «Миң бир түн» жана «Мегатой» тасмаларында эпизоддук ролдорду жараткан Мурадил Данияров Жалал-Абаддагы мамлекеттик университеттин юридика бөлүмүн аяктаганына карабай, жан дүйнөсү музыкага тартып, ырчылык менен кетүү жолун тандаганын «Баракелдеге» берген маегинде айтып берди.

«Жан дүйнөм музыкага тартып туруп алды»

- Эсимде, 5-6 жашымдан бери ырдайм, кылдары жок оюнчук комузум бар эле, ошону алып чертимиш болуп ырдачумун. Үйгө конок келсе эле атам чакырып алып, ырдата берчү. Негизи өзүм башынан эле ырчы болууну самачумун. Кийин үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу «Ырчы болуп эмне кыласың, ырда десе эле ырдай бересиңби» деген сөздөргө арданып, ошолорго атаандашып эле милиция болом деп юридикалык факультетке тапшырып алгам. Студенттик кезимде кызыктуу күндөр өттү. Бирок негедир жан дүйнөм музыкага тартып туруп алды.

Үй-бүлөмдө баары жакшы ырдашат. Мен кичине кезде орус базары деген болчу эле, 1-2-классымда ошондой базарлардын биринен 60 сомго жыгачтан аккардеон алып беришкен, кийин чоң энем мага энчилеп кой берди, аны базарга алып барып сатып, 700 сомго чоңураак аккардеон алдык. Аккердеон жок маалында башта айтып өткөн кылдары жок комузум менен ырдачумун (күлүп). Азыр аккардеон менен гитара чертем.

«Чоң сахнага Тюмень шаарынан чыккам»IMG-20161108-WA0008

- 1,5 жыл болуп калды, Россиянын Тюмень шаарында алгачкы сахнага чыккам. Ата-энем ошол жакта эмгектенишет. Азыр да Москвадагы тааныш байкелер «концертиңди уюштурбайлыбы» деп чакырып жатышат. Чет жакта жүргөн мекендештерге - кыргыз жарандарына концерт коюуну сунушташууда. Бирок мен азырынча бир аз дагы иштейтин дедим.

«Ырчылыкты кесип катары...»

- Ырчылык хоббим эмес, кесип катары алдым. Ушуну менен жетчү чокусуна чейин жетем деген оюм, тилегим бар. Дайыма чыгармачылыкка эмне кылсам экен деп жаңы идеяларды, жаңы ойлорду издейм. Өзүм шайыр, тамашалуу ырларга жакынмын. Бирок кээде кайгылуу ырларды ырдап калам, аларды аккардеон менен жакшы ырдайм. А мындай эстрадага чыкканда, тойлордо көбүнчө шайыр ырларды аткарам.

Ырларымдын тексттерин жазууда жаш акындар Акбар Кубанычбеков, Жакут Сыдыков, Кудрет Тайчабаровдор менен иштешем. Ырларга обондорун өзүм чыгарам. Ырды ырдап чыгардан мурда, анын маанисине, текстине көңүл бурабыз, алгач чоң акындарга окутабыз. Учурда 3 ырыма клип жана 6-7 ырым бар.

Азыр даяр жаңы ырыма клипти Алматыдан тартып келүүнү пландап жатабыз. Ал жактагы досторум клипти тартуу ордун караштырып жатышат. Буюрса жаңы жылга чейин экранга чыгат деп турабыз.

«Мегатойдо» аккардеончу, «Миң бир түндө» жүк ташыгыч...

- Шоу-бизнесте да өзүңдү ар кандай багытта сынап көрүшүң керек. Ырчылыктан тышкары эки киного тартылгам. «Мегатойдо» аккардеончунун ролун аткаргам, ал эми «Миң бир түн» тасмасында дүкөндө жүк ташыгыч болгом. «Мегатойдо» өзүмдү өзүм аткаргам десем болот, чыныгы жашообузда андай тойлордо көп эле жүрөбүз (күлүп).

22 11

Учурда Сүйүн байкенин (Сүйүн Откеев) «Бир көчөнүн балдары» деген бир долбоору башталганы турат, ошого сунуштар түшүп атат.

«Эмгек сиңирген артисттердин баарын атаандаш кылып алгам»

- Бек Борбиевдин даражасына жетсем деген тилегим, оюм бар. Гүлжигит Сатыбековдун талантын баалайм. Негизи, эмгек сиңирген артисттердин баарын атаандаш кылып алгам. Бут тосуп эмес, ошолордун деңгээлине жетем деген ой менен.

IMG-20161108-WA0006  Нурмат Садыров, Нурлан Насип байкелердин деңгээлине жетсем, буюрса үйлөнөйүн деген оюм бар. Алдыдагы 2 жылда жетем деген максат койдум, бирок албетте баары Кудайдын буйругунан.

Айтмакчы, кийинки жылы жеке концертимди өткөрүүнү пландап жатам.

«Мирлан Баековго окшоштурушат»

- Бош убактымды текке өткөргүм келбейт. Үйдө көп жатпайм, тигил же бул ишти бүтүрүп келейин деп көбүнчө сыртта жүрөм. Иш кылбай калган болсом, «Бүгүн эмне иш кылбай жатасың, шоу дүйнөсү жакка кичине болсо да салым кошуп койсоң» деп өзүмө өзүм сүйлөнүп калам.

Студияга барам, идеяларды алам. Ырдап жүргөн балдардан, Мирлан байкеден (Мирлан Баеков) кеңеш сурайм. Мени ырдоо жагынан көптөрү Мирлан байкеге окшоштура беришет, билбейм балким окшошмун, бирок мен ага окшошоюн деп атайылап туурабайм.

IMG-20161108-WA0005

Мурадил Данияров менен Калмира Матанованын аткаруусундагы «Кыз-жигит» ыры:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5292
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×