Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

№4 төрөтканадагы окуяны министр өз көзөмөлүнө алды

Turmush -  №4 төрөтканадагы баласынан жана жатынынан айрылган 26 жаштагы келиндин ишин саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өзү көзөмөлгө алып, ага себепкер болгон дарыгерлердин ишин карап чыгат. Бул тууралуу министр өзү билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

«Жабырлануучуларга менин телефон номурумду берип коюңуздар. Мен кайсы учурда чалса же келсе кабыл алам. Бул ишти дарыгерлер мыйзамсыз жол менен жаап коё электе чара көрүш керек. Эч бир окуя көңүл жаздымда калбайт. Баарына жооп берүүгө даярмын», - деди Т.Батыралиев.

Бишкек шаарынын тургуну баласы чарчап калганы аз келгенсип, жубайынын жатынын жашыруун алып салган деп Бишкектеги № 4 төрөткананын дарыгерлерин айыптоодо. Маалыматка караганда, 26 жаштагы келиндин баласы чарчап калган. Андан кийин дарыгерлер келиндин жатынын айтпастан алып салышканы бир нече убакыттан кийин билинген. Өз атын айтпоону өтүнгөн Бишкек шаарынын тургуну аялынын жатынын алып салган үчүн чуу чыгарбоону суранып дарыгерлер ага 100 миң сом акча бергенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2026
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу