Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

КММАнын студенттери тамекинин зыяндуулугун көбүрөөк маалымдоо максатында акция өткөрүшөт

Turmush -  Эртең, 5-ноябрда И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери «Тамеки же ден соолук» аталышындагы маалыматтык-маданий акциясын өткөрүшөт. Иш-чара Бишкектеги соода борборлордун биринде орун алат.

Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, акция тамекинин зыяндуулугун көбүрөөк маалымдоо максатын көздөйт. Ал «Жаштар тамекиге каршы күрөшүү боюнча эффективдүү чараларды колдоо үчүн эмне жасай алат?» сынагынын алкагында өтүүдө.

Студенттик акцияда аткаруучулар көрүүчүлөргө тамекинин зыян жактарын жеткирүү максатын көздөгөн музыкалык сценканы көрсөтүшөт. Ошондой эле, жашоонун сергек мүнөзү жөнүндө маалыматтык материалдарды таратышат.

Өз кезегинде госпиталь терапиясы, гематология кафедрасынын окутуучуларынын жетекчилиги астында ординаторлор менен студенттер шаардыктар жана шаар коноктору арасында анкетирлөө жүргүзүүнү пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1781
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу