Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Депутат Т.Икрамов Бишкекте мектеп мугалими 2-класстагы окуучуну ур-токмокко алганын айтты

Turmush -  Кечээ, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкектеги №61 мектептин мугалими 2-класстагы окуучуну ур-токмокко алганын айтты, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Депутаттын айтымында, көйгөй мугалимдер күнүндө окуучулардан 25 миң сомдук кир жуугуч автомат машина сатып берүүнү талап кылгандан башталган.

«Ошол класстагы бир топ окуучулардын ата-энелери мындан баш тарткан. Класс жетекчи ата-энелер комитетинин жетекчисинин баласын, дагы башка балдарды мектептен чыгарууга аракет кылып, кысым жасай баштаган. 3-4 окуучуну ата-энеси айылга алып кеткен. Аталган мугалим 5-6 ата-энени колго алып, жабырланган окуучуну мектептен кетирүүгө кысым кылган. Бул мугалим боюнча ИИМге, Башкы прокуратурага арыз жазылды», - деген Т.Икрамов тергөө жүрүшүнө таасири тийбеш үчүн аталган мектептин директорун, завучун, класс жетекчисин иштен четтетүү керектигин талап кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2008
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×