Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Бир саат билим алуу бир түнкү сыйынууга барабар, - президент А.Атамбаев

Turmush -  Кыргызстан мусулмандары бир саат билим алуу бир түнкү сыйынууга барабар деген пайгамбарыбыздын осуятын эстен чыгарбоосу керек, деди президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 28-октябрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу салтанатында.

Ал бир кезде прогресс мусулман өлкөлөрүнөн башталганын студенттерге айтып берди.

«Бүгүн биз пайдаланып жаткан араб сандары, алгебра, алгоритм, мунун баары араб сөздөрү. Эң алгачкы университет Мароккодогу  Фес шаарында негизделген жана европалыктар барып мусулмандардан окушкан. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (сав) осуяттарында бир саат билим алуу бир түнкү сыйынууга барабар деп айтылат. Бирок ал кезде молдолор жеңип кетип, адамдарды Куранды жөн эле жаттоого мажбурлашкан. Акыркы жүз жылдыкта 2 гана мусулман өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Нобель сыйлыгын алышкан. Бул исламды такыр эле түшүнбөгөн, мындан 1000 жыл илгери араб эли үчүн жазылган эрежелерди элге таңуулаган чала молдолор менен имамдардын кесепети. Бул биздин башыбызга түшкөн чоң балакет. Кыргызстан мусулмандары бир саат билим алуу бир түнкү сыйынууга барабар деген пайгамбарыбыздын осуятын эстен чыгарбоосу керек. Мен муну сакал коюуну жана арабча сүйлөгөндү акыркы кезде жаштар мода көрө баштагандыктан айтып жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5048
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×