Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

А.Атамбаев: Мамлекеттик тилди билбегендик – бул күнөө эмес, мамлекеттин башына түшкөн мүшкүл

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 28-октябрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу салтанатында тил билүү зарылдыгына токтолду.

«Мамлекеттик тилди билбегендик – бул күнөө эмес, мамлекеттин башына түшкөн мүшкүл. Анткени мамлекттик тилди окутууга каражат өткөн жылы гана бөлүнө баштады. Баары мамлекеттик тилди түшүнүп, бири-бири менен мамлекеттик тилде сүйлөшүп баштаганча көп жылдар өтөт деп ойлойм. Азыр тилдерди үйрөнүү – эс-акылыңды сергек кармоонун эң башкы ыкмаларынын бири. Бир нече тилди билип, адамдар менен алардын эне тилинде сүйлөшүүнүн жакшы жактары көп. Президент катары мага бул абдан жардам берет», - деди мамлекет башчысы.

Сөзүн улаган президент Кыргызстандын келечеги чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекет билим берүүгө өлкө бюджетинин 24%ын багыттайт, мындай кылган дүйнө жүзүндө бир дагы мамлекет жок. «Ушунун баары билим алуу үчүн мыкты шарттарды түзүү үчүн жасалып жатат. Келерки жылдын аягына чейин бир дагы авариялык мектеп болбойт. Билим берүүгө жана илимге өзгөчө көңүл бурган өлкөлөрдүн келечеги кең экенин мезгил көрсөтүүдө», - деди А.Атамбаев.

Өлкө башчы жогорку окуу жайлардын 61 эң мыкты студенттерине 50 миң сомдук стипендияларды жана мактоо баракчаларын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5212
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу