Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Биологдор табигый картаюуну жайлатуу ыкмасын табышты

Turmush -  Биологдор табылган табигый кошулмалардын жардамы менен чычкандардын картаюусун жайлата алышты, деп жазат EurekAlert! медициналык Cell Metabolism басылмасына шилтеме берүү менен.

Сөз, организимде физикалык активдүүлүктү төмөндөтүүгө, ашыкча салмак кошууга жана башкаларга тоскоол боло алган NAD коферментин (заттардын органикалык кошулмалары, - ред.) синтездөөгө жардам берген NMN нуклеотид жөнүндө болууда.

Жаштын өтүшү менен организмде NAD жетишсиздиги боло баштайт. NMN жардамы менен, изилдөөчүлөр карып бараткан чычкандарда физиологиялык төмөндөөнү бир топ жайлата алышкан - бул жаныбарларда зат алмашуу деңгээли, жаш жаныбарларга мүнөздүү көрсөткүчтөр менен дээрлик теңелип калган.

Окумуштуулар, таасир берүүчү жыйынтыктар адамдар үчүн да актуалдуу экенин болжолдошууда. Маалымдалгандай, NMN препараттарын адамдарда сынап көрүү Японияда башталды.

Баса, изилдөөчүлөр белгилешкендей, NMN кошулмасы бадыраң, авокадо жана брокколинин курамында бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3831
Көп окулду
×