Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Зордуктоо: кесепеттери жана андан сактанууга 6 кеңеш

Turmush -  Ар бир 3 аялдын экөөсү (бул 61,9%) жумуштан үйлөрүнө кеч кайтышат. Алардын дээрлик 39%ы ага асылууну же зордук көрсөтүү коркунучун сезишкен, айрымдары көчөдө зордукталган учурлары да бар.

Акыркы жылдардан бери аялдар олуттуу кыймыл күчтөрүнө айланганына карабай, аялды алсыз деп саноо ар бирибиздин мээбизге бекем сиңип калган. Сексуалдык зомбулукка кабылган аял биринчи кезекте качууну, ынандырууну, жардамга чакырууну тандайт, жана чанда гана - зордукчуга физикалык сокку менен жооп берет.

Эгерде кол салуу бейтааныш адам тараптан болсо 37,1% аялдар бул тууралуу укук коргоо органдарына билдиришет, 17%ы - билдирбейт, 35,2% шартка жараша иш кылат.

Эгерде зордук күйөөсү (өнөгү), тууганы же жакшы таанышы тараптан болсо, анда 19,5% гана аялдар бул жөнүндө ачык айтышат, 30,2% - билдирбейт.

Сексуалдык асылуунун курмандыгына боору ачып тим болушат, же мазактап күлүшөт, болбосо жабырлануучунун өзүн күнөөлөшөт. Көп аялдар болгон окуя ачыкка чыгып калышынан же коомдо кепке-сөзгө калуудан коркушуп, окуяны тезирээк унутуп калууга аракет кылышат.

Айтмакчы! Зордуктоо менен байланышкан иштердин соттук практикасы далилдегендей - албетте, кайсы бир маньяк же адамдар жок жерде жалгыз калган учур тууралуу айтпаганда - бейтааныш адамдар зордуктаган учурлар аз кездешет, көбүнчө аялдар өздөрүнүн жакшы/чала тааныштары тараптан зордуктоого туш болушат.

Зордуктоого эмнелер кирет

Сексуалдык зомбулук - бул эркине карабай сексуалдык байланыш.

- Мажбурлоо менен сексуалдык жакындоо;

- Зордуктоого аракет кылуу;

- Зордуктоо;

- Инцест (туугандарга карата сексуалдык зомбулук);

- Жашы жетелектерге (14 жашка чейинкилер) карата кандай болбосун сексуалдык аракеттер же айтуулар.

Сексуалдык зомбулуктун кесепеттери

Психологдор зордуктоо кесепеттеринин 2 түрүн бөлүп көрсөтүшөт: жакынкы жана алыскы. Жакынкыларга өзүн өзү өлтүрүүгө чейин барган катуу депрессияны киргизүүгө болот. Алыскы кесепеттер менен бир аз татаалыраак. Көп нерсе курмандыктын жаш курагынан көз каранды – канчалык жаш болсо, ошончолук оор. Эгерде психолог зарыл иштерди өткөрбөсө, кандай гана жыныстык жакындык болбосун паниканы чакырат, анткени ал зордуктоо же кемсинтүү катары кабыл алынат.

Жаш бала сексуалдык зомбулукка кабылса…4069

Эгерде жаш бала жарыксыз уктагандан корксо; төшөккө кийимин чечпей жатса; бат кыжырданып, жүрүм-туруму өзгөрсө; мектептеги жетишкендиктери начарласа; өзүнө өзү атайылап жаракат келтирсе - балага көңүл буруунун башкы белгилери. Сексуалдык зомбулуктан кийин, адатта ушундай абал болот.

Бирок, бир нерседен шектенип, баланы суракка алууда жана маектешүүдө кылдат жана оор басырыктуу болуу зарылдыгын да унутпаңыз.

Зордуктоодон кантип сактанууга болот: 6 кеңеш

Жарыгы аз болгон көчөлөрдөн мүмкүн болушунча алыс качыңыз, туш тарапты караңыз - ким жаныңызда баратат, ким артта, ким алдыда жана алардын баскан-турганы кандай. Бир аз алкоголь ичип алган агрессивдүү тааныштардан абайлаңыз.

Үйдүн подъездине киргенде кулак таккычты чечиңиз, тыңшаңыз. Жөтөлүү, дем алуу, таканы кычыратуу арам ойлуунун бетин ачышы мүмкүн.

Бүкүрөйбөңүз, тыпылдап баспаңыз, бой көтөргөн өңдөнүп басыңыз. Эгер кимдир бирөө сизди карап жатса, андан көз албаңыз. Чыңалуусуз, токтоо болуңуз. Агрессор курмандыгын дене тили боюнча тандайт.

Сиз тараптан болгон каалагандай кыжырданткан сөз же кыймыл зордукчунун ачуусун келтириши мүмкүн. Сиз өзүңүздүн итиңиз же балаңыз менен сүйлөшүп жаткандай элестетиңиз. Сиздин сөздөр так, кыска, токтоо, буйрук түрүндө болушу керек. Зордукчуну орой сөздөр менен урушуңуз, бирок эл бар жерде гана, а эгерде зордукчу менен жалгыз калган болсоңуз, бул анын ачуусун ого бетер келтирет.

Кусууга аракет кылыңыз, мүмкүн болсо заара чыгарыңыз... зордукчуну жийиркентүү үчүн бар болгондун баарын жасаңыз: оорулууча түр көрсөтүп, тиштерди арсайтып, шилекейди агызып... Эгерде зордукчунун ниети чындап сексуалдык аракет болсо, бул көрүнүштөр анын көңүлүн айнытышы мүмкүн.

Эгерде зордуктоодон кача албасаңыз, ал эми кол салган адам жалгыз болсо, калп эле жыныстык катнашка даяр экениңиздей түр көрсөтүңүз да, андан кийин чабуулга өтүңүз! Кылмышкер сизди оозуңуздан өөп жатса, анын эриндерин тиштеңиз, жаактары, моюну жетүүгө мүмкүн болсо да тиштеңиз. Ал тартынып, сиз менен сыпайы болгон жокпу - анда эмнеге аны аёо керек?

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9575
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×