Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

КР УИАнын президенти, академик А.Эркебаев Казак илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болду

Turmush -  Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаевге Казак илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү күбөлүгү тапшырылды.

КР УИАнын басма сөз кызматы кабарлагандай, күбөлүктү Казакстандын улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Журинов Минск шаарында өткөн «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 25 жыл: жыйынтыктар, перспективалар» аттуу илимий-практикалык конференцияда тапшырды.

Казакстан илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү Казак илимдер академиясынын жалпы жыйынында шайланат. Учурда Казак илимдер академиясынын 13 чет өлкөлүк мүчөсү бар. Чет өлкөлүк мүчөлөр илимде жалпы адамзаттын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн ачылыштарды жасаган жана эл аралык илимий чөйрөдө илимий-гуманитардык кызматташууларды өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн шайланат.

«Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси да коңшу мамлекеттердин ортосунда илимий байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымы жана илимде өзү изилдеген тармакта жасаган эмгеги үчүн татыктуу болду», - деп белгиленет маалыматта.

Казакстандын илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөлөрүнүн арасында Россия илимдер академиясынын президенти Фортов Владимир Евгеньевич, вице-президенти, Нобель сыйлыгынын ээси Алферов Жорес Иванович, дагы бир вице-президент Лавёров Николай Павлович, РИАнын окумуштуу катчы-академиги Велихов Евгений Павлович, Украина УИАнын президенти Патон Борис Евгеньевич жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1892
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×