Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Өкмөт Улуттук онкология борборуна 500 миң сомдун сертификатын берди (фото)

Turmush -  КРнын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Гүлмира Кудайбердиева менен КМШ өлкөлөр аралык гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фонду башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдко кечээ, 26-октябрда КМШ мамлекеттеринин илимий интелегенциясы катышкан XI чыгармачыл форумга келген делегация менен Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө барды.

Өкмөттөн билдиришкендей, КМШ мамлекеттеринин илимий интелегенциясы катышкан XI чыгармачыл форумдун алкагында, келгендер Улуттук онкология борборундагы балдар үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүштү.

Акциянын алкагында балдар бөлүмүнө дары-дармектер берилип, балдар үчүн куурчактардын катышуусунда программа коюлду. Ошондой эле бөлүмгө Форумдун алкагында көргөзмөгө катышкан КМШ мамлекеттеринин сүрөтчүлөрүнүн коллекциясы берилди.

Аны менен катар вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Г.Кудайбердиева Кыргыз өкмөтүнүн атынан Улуттук онкология борборуна 500 миң сомдун сертификатын тапшырды.

Аталган сумма «Терабалт» гамма-терапевтикалык аппаратын оңдоого сарпталат. Аппарат 2008-жылы орнотулган. Бул аппараттын жардамы аркылуу суткасына 180 бала нур менен дарыланат. Ушул жылдын октябрь айында аппараттын жабуулары жарактан чыгып, аны ондоого Чехиядагы чыккан заводдон адистер чакырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1312
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 87 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу