Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Борбор Азия окумуштуулары био ар түрдүүлүктү сактоо маселелерин талкуулашат

Turmush -  27-28-октябрда Кыргыз улуттук илимдер академиясында «Био ар түрдүүлүктү сактоо, жана музей ишинин актуалдуу маселелери» аталышындагы эл аралык конференция өтөт.

КР УИАнын басма сөз кызматы билдиргендей, конференцияда аймактын экологиясына, флорасына жана фаунасына, жаратылышты коргоочу ишканаларга тийиштүү иш-чаралар талкууланат. Анын ичинде Кыргызстандагы ак илбирстин абалы, Борбор Азиядагы муунак буттуу мителердин түрлөрү жөнүндө доклад окулат.

Конференцияга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, ошондой эле Россиянын окумуштуулары катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1348
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×