Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Илимдер академиясында кытай тилин акысыз окутуу класстары ачылды

Turmush -  Бүгүн, 25-октябрда КРнын улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасында жаш окумуштууларга жана мектеп окуучуларына кытай тилин акысыз окутуу боюнча «кытай класстарын» ачуу иш-чарасы өттү, деп билдирди КР УИАнын басма сөз кызматы.

Кытай класстарынын бет ачарына келген КРнын тышкы иштер министринин кеңешчиси Кубанычбек Джусаев аталган иш-чара кытай таанууга жана кыргыз тарыхын изилдөөгө салымын кошоорун белгиледи.

«Бул абдан маанилүү окуя. Мурда кытай тилин билгиси келгендер китеп жок абдан кыйналышчу. Акысыз кытай тилин үйрөтүү – жаш окумуштууларга кеңири жол ачканы жатат. Дагы бир маанилүү жагы, Борбор Азиянын, анын ичинде кыргыздардын тарыхын изилдөөдө кытай булактары чоң роль ойноп келген», - деди ал.

Өз кезегинде КЭРдин билим берүү боюнча өкүлү Чэн Дин Лин аталган долбоорду даярдоодогу маселелерге токтолду. «Бул көп убакыт бою даярдалган ишибиз эле. Шаар боюнча кытай тилин үйрөнүү акы төлөө менен жүргүзүлөт. Ал эми бул жерде алгачкы жолу акысыз окутулганы жатат. Сиздерге кытай тилин үйрөнүү менен катар маданиятын, ашканасын да үйрөнүүнү каалайбыз», - деди ал.

Иш-чаранын алкагында Х.Карасаев атындагы БГУнун кытай факультетинин деканы Владимир Лю катышуучуларга кытай тилинен алгачкы сабак өтүп, кытай иероглифтеринин, сүйлөө ыргактарынын өзгөчөлүктөрүн кыскача баяндап берди.

Ошондой эле кытай ыры жаңырып, кылымдар бою келе жаткан у-шу өнөрүнөн үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1858
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×