Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

АКШда ымыркай кыз эки жолу төрөлдү

Turmush -  АКШда 12 жумалык кезинде энесинин курсагынан алынып чыгып операция жасалып кайра салынган кыз жарык дүйнөгө келди, деп жазат The Sun.

Энеси кош бойлуу экени билинген кезде ультрадобуш учурунда дарыгерлер эмбриондун денесинен шишикти көрүшкөн. Адатта шишик куймулчакта өөрчүп, 50% учурда төрөлө элек баланын өлүмүнө алып келет.

Дарыгерлер менен кыздын ата-энеси тезинен чечим кабыл алышы керек эле: тобокелдикке барып, эмбрионду эненин курсагынан алып чыгып операция жасатуу же бойдон алдыруу.

Кыздын атасы менен энеси операцияны тандашкан. Операция 5 саатка созулду: дарыгерлер эмбрионду алып чыгышып, шишикти кесип, кызыл эт ымыркайды кайра ордуна салышты.

Кийин кыз алты саны аман төрөлдү, бирок ал төрөлгөндөн бир нече күндөн кийин шишиктин калганын алып салуу үчүн ага дагы бир жолу операция жасалды. Эми ал толугу менен калыбына келип, ден соолугуна башка коркунучтар жаралган жок, деп жазат басылма.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4508
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу