Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Окумуштуу-физик Ж.Жеенбаев атындагы медаль түзүп, акчалай сыйлык кошуп тапшыруу демилгеси көтөрүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 24-октябрдаКыргыз улуттук илимдер академиясында КРда физика-техника жана материал таануу тармагындагы изилдөөнүн бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияда УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев улуу окумуштуу Жаныбек Жеенбаевдин илимдеги орду, анын инсандык сапаттарына токтолду.

«Академик Ж.Жеенбаев бир гана физика илимине эмес, деги эле академиялык илимгебараандуу салым кошту. Кыргыз улуттук илимдер академиясы бүгүнкү күндө аш алып барып жаткан мыйзам дагы мыкты уюштуруучу Ж.Жеенбаевич тарабынан демилгеленгенин, академиянын мүлкүнө эч ким кол салгыс деп мыйзам чегинде бекитип бергенин эске алсак», - деп белгиледи ал.

Ал эми академик Аскар Кутанов, магнитрондук чачыратуу аркылуу нанопленка түшүрүү технологиялары, күн батареяларына нурду кайтаруучу жабуу жана башка изилдөөлөрү менен бөлүштү. Анын ичинде титанга тикелей лазердик жазуу ыкмасы боюнча жасаган ишинин бирин академик Ж.Жеенбаевдин жаркын элесине арнагандыгын айтып, Ж.Жеенбаев атындагы медалды жаш, физика жаатында ийгиликке жетишкен окумуштууларга акчалай сыйлык кошуп берүү жөнүндө демилге көтөрдү.

IMG_6151

Маалымат иретинде:

Академик, белгилүү кыргыз окумуштуу-физиги, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жеенбаев Жаныбек Жеенбаевич 2007-жылы көз жумган.

Ж.Жеенбаев Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылында 1931-жылдын 14-сентябрында туулган. 1950-жылы Пржевальск шаарындагы Мамлекеттик мугалимдер институтун артыкчылык менен аяктаган жана Күрмөнтү орто мектебине жиберилген, ал жерде 6-10-класстарга физика сабагынын билим берген. 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетиндеги физика-математикалык факультетин, ал эми 1960-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва иамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган.

1960-жылы кандидаттык диссертацияны жактап, ошол жылдан баштап Илимдер академиясынын Физика институтунда илимий кызматкер, лабораториянын жетекчиси, директору болуп иштеген. 1971ылы физика-математикалык илимдердин доктору, 1972ылы профессор, 1989ылы КР УИАнын академиги болгон. 1993-жылы КР УИАнын вице-президенти, ал эми 1997-жылы КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланган.

Академик, чыгаан окумуштуу Жаныбек Жээнбаевдин аты Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөргө да таанымал, ал төмөн температуралуу плазма жана атомдук спектроскопия жаатындагы белгилүү окумуштуу. Анын илимий жетекчилигинин алдында Кыргызстанда биринчи жолу төмөн температуралуу плазма генераторлорун – плазматрондорду изилдөө башталган жана пайдаланылган. Окумуштуу тарабынан төмөн температуралуу плазманын жана атомдук спектроскопиянын илимий мектеби практика жүзүндө түзүлгөн; ал жана анын окуучулары бир каналдуу, эки жана үч агымдагы плазматрондордун принципиалдуу жаңы конструкцияларын түзгөн, алар мурдагы СССРде, кийин КМШда жана башка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган. Машиналардын жана механизмдердин деталдарын калыбына келтирүүнүн жана бекемдөөнүн плазмалык технологиясы Швейцариянын, Франциянын жана Малайзиянын өндүрүшүндө ишке киргизилген.

Анын жетекчилиги менен отуздан ашык плазмалык технологиялар ишке киргизилген. Эки агымдуу плазматронду изилдегендиги жана технологияга киргизгендиги үчүн Ж.Жеенбаев жетектеген окумуштуулардын тобу КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Академик Ж.Жеенбаев 300 илимий эмгектин, анын ичинде 9 монографиянын, 29 автордук күбөлүктүн жана 9 патенттин автору.

Анын жетекчилиги алдында илимдин 18 кандидаты жана 2 доктору даярдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1959
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу