Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Октябрь районундагы бардык бала бакча, мектептерге видеокамералар орнотулат (фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын Октябрь районунун башчысы Нурбек Курманбеков жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Н.Курманбеков балдар мекемелериндеги кароол кызматына, ата-энелер менен иштешүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле уюмдарга видеокөзөмөл камераларын орнотуу маселеси талкууланды. Бардык бала бакчаларда видеокамера орнотулбагандыктан, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин камераларды орнотуу графигин түзүүнү белгиледи.

Жыйында камераларды орнотууга каражат бөлүү чечими чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1215
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×