Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

2017-жылы Кыргызстанда 118 бейтап жеңилдетилген шартта гемодиализ алуусун улантат

Turmush -  2017-жылы Кыргызстанда өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккен 118 бейтап жеңилдетилген шартта гемодиализдик тейлөө алуусун улантат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак КР өкмөтү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккен 118 бейтаптын гемодиализ тейлөөсүн каржылоо маселесин чечүү үчүн 60 млн сом бөлгөн. Буйрукка ылайык, ММКФ жеке медициналык борборлор менен түзүлгөн келишим боюнча, ар бир бейтапка сеансы үчүн 4500 сом төлөйт, ал эми калган 2000-2500 сом өлчөмүндөгү каражатты бейтап өзү төлөйт.

Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен 552 бейтап гемодиализ алат жана 118 адам – кайтарымдык жеңилдетилген дарылоодо.

ММКФ эсебине ылайык, 118 өнөкөт бейтаптын муктаждыгын каржылоо айына 6 млн 938,4 миң сомду түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, Фонд аркылуу жогоруда аталган бейтаптарга 24 млн 568 миң 600 сомдук 5 миң 14 процедура төлөнгөн, жыл соңуна дейре дагы 35,5 млн сом төлөп берүү каралууда.

Белгилей кетсек, «2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжол жөнүндө» мыйзам долбоорунда ММКФ боюнча бөйрөк жетишсиздигинен жапа чеккендердин гемодиализдик процедураларын төлөөгө 86 млн сом пландаштырылган.

Кечээ, 13-октябрга карата өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган, каттоого кирбеген бейтаптардын саны 81 адамды түзөт.

Өкмөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандардын дарылануусуна 2017-жылдын бюджетине кошумча 100 млн сом караган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3759
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×