Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте кыргыздын кыпчак уруусунун тарыхы талкууланды

Turmush -  Кечээ, 13-октябрда Кыргыз-орус славян университетинде кыпчак таануу боюнча кереге маек өттү, деп билдирди адабиятчы жана жазуучу Абибилла Пазылов.

Иш-чарага кыргызстандык окумуштуулардан тышкары, Казакстандын жана Россиянын изилдөөчүлөрү катышты.

Кереге маектин жүрүшүндө академиктер А.Какеев, В.Плоских, окумуштуулар С.Алымкулова, Р.Абдуманапов, А.Алиев, кинорежиссёр Б.Шамшиев, адабиятчы А.Пазылов жана башкалар байыркы кыпчактардын жана кыргыздын кыпчак уруусунун тарыхы тууралуу баяндама жасашты.

Темага арналган талкууда ошондой эле, КОСУнун студенттери, жаш окумуштуулар да болушту.

Талкуунун материалдарын ЖОЖдун илимий журналына басып чыгаруу чечими кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2603
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×