При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Атактуу саяпкер А.Ысмайыл уулу: Саяпкерлер ар кандай болот: үйрѳнгү, тубаса жана кыл-табып саяпкер (фото, маек)

Turmush -  Нарын жергесинин Жалгыз-Терек айылындагы Ысмайыл уулу Акматбек карыяга жолугуп, анын саяпкерлик ѳнѳрү тууралуу маек курган элем.

Акматбек Ысмайыл уулу 1935-жылы Нарындын Жалгыз-Терек айылында жарык дүйнѳгѳ келип, ѳмүр бою мал чарбасында эмгектенет. Жашы 85ти аяк басып калса да, жадасынын мыктылыгы менен айрымаланат. Карылыгына карабай, жылкы баласы менен алек болгондорго насаатчы катары саяпкерликтин жол-жобосун айтып, кызыккандарга качанкы бир ѳткѳн окуялардан айтып да берген сѳзмѳрлѳрдѳн. Карылыгына карабай, буурул чач, кѳзүн жаап калчудай узун, буурул калың каштуу, турган турпаты арыкчырайынан келип, ѳзүнүн баскан-турганы ѳтѳ тың, орто бойлуу чакан киши экен.

Азыр уулу Чилде, келини Майрамкүл менен бирге туруп, бир небереси Эрмек Чилдеев акындык менен алектенсе, экинчи небереси Ыйман – ѳзүнүн жолун жолдоп, саяпкерликке дилгирленгенине сыймыктанат. Эмесе, карыя Акматбек саяпкер менен болгон маектен баян.

IMG_1944

- Акматбек ава, сизди нарындыктар мыкты саяпкер дешкенинен улам жолуккум келди. Ѳзүңүз тууралуу – качан, кай жерде туулгансыз, урууңуз ким дегендей, ушул жагына токтолуңузчу?

- Аты жѳнүм айтсам, Ысмайыл Уулу Акматбекмин, уруум тѳбѳй, анын ичинен бизди Муратаалы уругу деп коёт. Бул тѳбѳй Манастан бери келаткан уруу, ошол Кѳбѳй хандын тукумунанмында. Кѳбѳйдѳн Тѳбѳй деп, Манас атада бекеринен айтылбаган. Бул кыргызда тѳбѳйлѳр илгертеден бери эле Балыкчынын бери жагында Кулаган-Акташ деген жерде отурукташып, жашап келген экен. Ал жерде байыртадан калган Тѳбѳй арык деген арык бар, ушул кезде да изи турат. Ошол жердин арыгын чаап, суу чыгарып – эгин эгип, тирилигин кылышып бир топ жылдар туруп, кийинчирээк тѳбѳйлѳр, бул жер бизге жакпай калды дешип, ушул Нарын тараптын Жалгыз Терегине кѳчүп баса беришиптир. Тѳбѳйлѳр бул жакта экиге бѳлүнѳт, алтынчы Тѳбѳй деп коёт – алар Эмгек-Талаада, тѳртүнчү дегендери биз – Жалгыз-Теректебиз. Бул жерде бизден башка да уруулар отурукташкан: жетиген, тѳбѳй, чагалдак, чертике, черик ж.б.

Совет доорунда колхоздошуу башталып, жер бѳлүш болот. Ал убакта, тѳбѳйдѳн Атакул деген биздин чоң атабыз бий болуп турган убагы экен. Жер бѳлүштѳ Атакул бийден: Кай жерди алас? - деп сурашкан экен. Ошондо Баба-таята кулагына шыбарагандан улам, Сѳңкѳлдѳн бери Жапырыкты, Кара булакты, Кѳк булак, Жылдыз кѳл, Чоң сазды бергиле, ошол жерлерди алайын! - дептир. Айтканындай кылып бѳлүп берип, ал убакта Каратал, Жапырык кыштоолору болгон экен. Андан кийин кѳп ѳзгѳрүүлѳр болуп, Соңкѳлдүн мен айткан жерлери район-райондорго бѳлүнүп кетип, ошолордун ээлигинде келатат. Жалгыз Теректин – тѳртүнчү делгенине бир канча жылдар ѳтүп, эл кѳбѳйдү. Азыр 400 түтүн болдук, тиги Эмгек талаада 500 түтүн бар. Бери жагын Хутор, Ак талаа деп коёт, мурда бул жерде № 53 «Асыл тукум жылкы заводу» бар эле, ушул жерде да тѳбѳйлѳр турат. Жер бѳлүш – колективдештирүү мезгилинде, Баба-таятабыздын, Кадыр деген мыкты уулу – элим, жерим деп, элдин талабын талашып, эл үчүн зор кызмат ѳтѳгѳн абдан тың эр азамат болуптур. Кийин кѳрѳ албас, ичи тар, бузуктардын айынан – Кеңеш ѳкмѳтүнүн доорунда «контур» делип, жалган жалаанын айынан атылып кеткен экен. Түп тайларым ошолор. Жылкы менен такай аралышып жүрсѳң, саяпкер болот экенсиң. Саяпкерликти бирѳѳлѳрдѳн үйрѳнгѳнүм жок, табияттын берген белеги го.

- Жалгыз-Теректин айланасы, кай бир жылдары кадимки эле боз үйгѳ керектелүүчү чийлер абдан калың ѳсчү экен, тѳѳлѳр арасында жүргѳндѳ кѳрүнбѳй калчу дешет. Азыр, ошо чийлердин калбай баратканына эмне себеп болду?

- Оо, чий бул жерде абдан калың ѳсчү, тѳѳлѳр оттоп жүргѳндѳ кѳрүнбѳй калганы чын. Чийлердин арасында башка дагы ит-куштар кѳп болчу, аны мен кѳрүп калдым. Кечээ эле ѳткѳн кылымдын башындагы колхоздошкондон тарта – трактирлер дың жерлерди адеп айдай берип, айдоого айланып кетти. Болбосо, бул аймак чийдин кени эле да.

- Тѳѳ демекчи, Асанбай дегенди сазга чѳгүп кеткен тѳѳнү сууруп чыгарган балбан эле дешет, ал жѳнүндѳ билесизби?

- Билбегенде, ал менин чоң атам болгон да. Совет доорунда, чоң атам Асанбайдын окуясын кѳргѳн Ыдырыс деген айтып калчу. Соңкѳлгѳ барсак, беш-алты кыз нары-бери чебелектеп эле чуркап, жардам сурап жүрѳт дейт. Аттарыбызды бура тартып барсак, бышты тѳѳ сазга чѳгүп, чыгалбай калган экен. Аны кѳрүп: Асаке, тѳѳнү чыгарышып берели, дедим. Асанбай ѳзү жоош киши эле, кѳрүп эле макул болду. Аркан алдырып, бири-бирине улаштырып байлап, саздагы жаткан тѳѳнү арчындап, арканды узунураак кылып жонуна илип, саздагы тѳѳнү тартып кирди. Буту улам тайгалана берип, ошол жердеги бир жоон дүмүргѳ эки бутун такап тартканда, тѳѳ саздан сүйрѳлүп чыгып келди. Ошондо кийип жүргѳн булгаары ѳтүгү бар эле, таманы айрылып ошол дүмүрдүн жанында калды. Асанбайдын балбандыгындай балбан болбос, сазга баткан тѳѳнү жалгыз ѳзү сүйрѳп чыгарыш деген, эмне деген күч деп, Ыдырыстын айткандарынан кѳп уктум.

Жаш кезиндеги дагы бир эрдиги, коргондун үстү жагында жетиген – Балбаке дегендин конушу бар экен. Асанбай чоң атам, Балбакенин «күрѳшѳм» деп жүргѳнүн угуп, бир күнү: Балбаке, күрѳшѳм деп жүрүпсүң, күрѳшкүң келсе эртең,үйгѳ кел! - дептир. Асанбайдын кичинекей алачыгы бар экен, ошол алачыкка Балбаке айткан күнү келди дейт. Асанбай аялына бир чоң казан сүттү бышыртып, айран уюттуруп койгон экен. Балбаке келгенде аялына казанды ачтырып, үстүндѳгү каймагын алдыртат. Казан толтура айран. Балбаке, экѳѳбүз азыр күрѳшѳбүз, күчүбүздү байкап кѳрѳлү. Шарт ушул баатыр, казандагы айранды колубуз менен кѳтѳрүп ичебиз, дептир. Макул болгон Балбаке, мени эми кѳрүп ал дегенсип чоң казандагы айранды эки колу менен кѳтѳрүп, эки-үч жолу ичип жерге коёт экен. Кезек Асанбайга келгенде, бир колу менен Балбакенин ийнинен кармап, экинчи колу менен чоң казандагы айранды кѳтѳрүп ичип, кайра акырын жерге койгондо, Балбаке айтты дейт, эгерде Асанбайдыкындай күчүм болсо жер астындагы Шайдылда менен күрѳшѳр элем деп.

Бир тойдо, эл эки жаат болуп бѳлүнүп, «ѳпкѳ чабыш» оюну болмой болот экен. Биз жактын кишилери ѳпкѳ чабышка чыга турган адам таппай, Асанбай чоң атама Ажыбай баш болгон бир топ адамдар келишип: Асаке, намысты алдырганы турабыз. Ѳпкѳ чабышка түшүп, намысты алып бербесеңиз болбой калды, дептир. Келишкендерге: Силер менин 60 жашымда, же 70 жашымда айтпай, 85 жашка келип, карып калганда айтасыңарбы! – деп болбойт. Келгендер, аке-жакелеп асылганынан, ары ойлонуп, бери ойлонуп – ак кѳңүл киши, тигилерге макул болот.

Той башталып, «ѳпкѳ чабышка» кезек келди дейт. Асанбай чоң атама 40-45 жаштагы– тынымсейит уругунан жаш жигит чыгып, кары кишинин шаштысын кетириптир. «Күч атасын тааныбайт» деген бар да, карың болобу, жашың болобу баары бир эмеспи. Жаш атаандашы чапчаңдык кылып, чапкылап киргенде, Асанбай бир чаап калды дейт. Ошол бир чапканда эле, ѳпкѳнүн колкодон тарта жарымы үзүлүп, жарымы колдо калыптыр. Чапчаң жигит чапкылап жатканда, тѳбѳйлѳр: «Каратал! Каратал!» деп ураан чакырышат экен. Аңгыча, жигит жакын келди дейт, Асанбай колундагы жарты ѳпкѳ менен моюн талаштыра чапканда, эшиктей жерге учуп түшүп, эси ооп калыптыр. Тѳбѳйлѳр, 85 жаштагы Асанбайга кымкап чепкен жаап, батасын берген экен. Балбандыгы болбосо, кайсы киши ѳпкѳ менен далдайган жигитти кулата чаап, ээсин оодарсын.

Эл оозундагыгылардан дагы бир окуя. Асанбай бирѳѳ менен орток болуп, арпа айдайт. Аны жай бою коруп, сугарып, күзүндѳ оруп, боолайт. Асанбай ортогуна, менде бир собол бар, ошого кѳн. Мен арпанын саманын бир таңып кѳтѳрүп кетейин, кѳтѳргѳндѳн калгагын сен ал, дейт. Ортогу ичинен кымыңдап макул болот. Ошондо, орулган арпаны арканга сарт таңгак кылып таңып, үйүнѳ кѳтѳрүп келип, кичине кырманча кылып арпанын данын бастырганда, эки кап арпа болгон дейт. Ал киши 87 жашка чыгып каза болду. Балбандыгы ушунча болгондон кийин, ѳлгѳндѳн кийин деле мындай адамдын бир ыйык касиети болбой коймок беле, болот да. Ушул биз турган Жалгыз Теректин кире беришин Шыралжын деп коёт, балким келатканда байкагандырсыңар. Ошол жердеги коргондун ичинде күмбѳзү бар. Чѳп чабык убагында, чоң атабыздын күмбѳзү турган коргонго мал-жан тебелебесин деп, эл чѳп жыйыптыр. «Ыйманалыны чатагы» деп коюшчу, эл оозунда калды. Ал чатакты мен кичинекей кезимде кѳрүп да калдым. Алжаңбай таятам менен чатакташа кетип, ѳчѳштүктѳн коргондун ичине жыйылган чѳптү бүтүндѳй сыртка чыгарып, ѳрттѳп жиберди. Алжаңбай Баба-таята дегендин тукумунан эле, таятам ушуну кѳргѳндѳн кийин: Элдин нааласы менен назары кыйын болчу эле, Ыйманалы тукумсуз ѳтѳт! - деди. Айтканындай ошо киши туяксыз ѳттү. Мал-жандан тынчыраак болсун деген жыйылган чѳптү, арбактарга сѳкѳт келтирип, мүрзѳлѳрүн тебелеп-тепсеп, элдин чѳбүн, эмгегин ѳрттѳп жибергенди арбактар жакшы кѳрѳбү? - дечү. Асанбай чоң атамдын 9 уул, 2 кызы болгон. Балдары ѳлүп отуруп, эң кенжеси менин атам калат. Бир кызы Кочкорго тиет, экинчиси ѳзүбүздүн 8-мартка тиет, эң кенжеси, чабыры да атам болуп, андан жалгыз тукум менмин. Азыр Кудайга шүгүр, мѳмѳлүү дарак болдум. Илгертеден келаткан лакап бар, «Тѳбѳй деген эл элек, түгѳнбѳгѳн кен элек» деген. Кылымдап кыргыздын башынан эмне деген окуялар ѳтпѳгѳн, ошо кездеги жоочалышка байланыштуу болгондон айтылып калган бейм. Мындан башка, «Түгѳнгѳн сайын, түтѳгѳн кыргыз» дейт, мына ушул кептин айтылышы да бекер эмес.

IMG_1952

- Таятамдын колунда тарбияланып ѳстүм дедиңиз, кандайча таятаңыздын колуна барып калдыңыз?

- Таятам малдуу киши эле, аты Алжаңбай болчу, жогоруда сѳз кылбадымбы. Ѳкмѳттүн малын бакчу, ал киши айылда турат, мен мал менен тоодомун. Бир күнү учурашайын деп келсем, ошо күнү Кошойдун Касымы да үйгѳ келип калыптыр. Ал киши кетем деди, таятам жиберген жок. Касым менин быйыл мүчѳлүү кезим, бала алыска кетип баратат, кѳрүп каламбы, кѳрбѳй каламбы – бир кудайдын колундабыз. Мени карап: Акматбек, сени кызыл эт кезимде бактым эле, мен ыраазымын. Атам, апам ким? - деп, бир ооз сураган жоксуң. Сен Ысмайылдын баласысың, сага эки дүйнѳдѳ тең ыраазымын, деп мага байланышкан таржымалымды айтып берди. Кѳрсѳ, таятам кѳп жылдар бою бала кѳрбѳй жүрүп, мени ырымдап багып алгандан кийин балалуу болот. Сен келгени, ак жолтой болдуң. Минтип аркаңдан бала ээрчитип келдиң, мен балалуу болдум. Мындайды укпаган, күтпѳгѳн жаным шолоктоп абдан ыйладым. Анан дагы айтты: Ушул күрѳң кулунду алып желеңдин башына байлап ал! - деп, бир күрѳң кулун энчилеп берди.

Ошол күнү ыйлаган бойдон малга кеттим. Мен аскерге барып келгенче таятам мени күткѳндѳй эле жүрдү. Кайрадан ошол таятамдын колуна келип, малын кайтарып, чарбада иштеп жүрдүм. Бир күнү, мен отурган конушка адамдар келишип, мага таятамдын каза болгонун угузушту да, алып жѳнѳштү. Мен, чертки тайкелериме ыраазымын, келгенимче, баласы келсин деп күтүп турушуптур. Келгенде, атаңды кай жерге коёбуз, ѳзүң мүрзѳнүн ордун кѳргѳзүп бер дешти. Мен мүрзѳнүн ордун кѳргѳзүп бердим, ошол жерге коюлду. Ушул кулунду желендин башында байлап ал дегени, кѳрсѳ кѳзү ачык киши экен, кийин Күрѳң жорго дубанды бузган жорго болду. Ѳз атам да саяпкер киши болгондуктан, Күрѳң жоргону таптап, атагын ал чыгарды, мен чаптым.

- Байгелерге түшүп жүргѳнүңүз жѳнүндѳ айта кетиңиз?

- Атам, ат минип жүргѳндѳ айтып калар эле: «Эй, айбан! Сенин курсагың ач болсо, меники ток болсо, экѳѳбүз тоого чыксак, кимибиз тыңыраак чыгабыз? Жорго да ошондой болот! Жорго күчтүү болушу үчүн, дайыма курсагын ток алып жүр, ошондо жорго табына келет!» деп. Ошо сѳздѳн кийин, кайсы ат минбейин, атамдын айтуусу менен дайыма курсагын ток, эттүү алып жүрдүм. Күрѳң жоргону атам таптап жүрдү. 1978-жылы «Фрунзенин шаарынын 100» жылдыгы болду, андан бери 38 жыл ѳттү. Фрунзенин (Бишкек) ат майданында биз жактан райкомдун катчысы Дайыракунов жана Түйтүеев Ырысбек ж.б. барышты. Ырысбек айтты, «Жорго салышты эки эле айлампа (круг) кылып коюптур, адагенде эле жоргонун оозун коё бер» деди. Үстүндѳ ѳзүмдүн, ар жактан келген жорголор кѳп. Башталышта эле жоргонун башын коё бердим, бир Кѳк жорго чыга турган болуп калды. Ошондо Күрѳң жоргонун ѳчѳшкѳнүн биринчи кѳрдүм, жаныбар – кадамын таштаганда эшик-тѳрдѳй жерди бир аттайт. Жеринен чыккан бойдон астына бир жоргонун чыгарбай, биринчи болуп чыгып келди. Байгеси 1000 сом экен, тапшырды, алдым.

– Жакшы экен. Сѳз башында бир аз сѳз кылдык эле, арасында чоң окуяларга кирип кеттик. Эми саяпкерликтин сырына токтолуңуз?

- Тукумумда, атам саяпкер киши экен, таятамды айттым. Саяпкерлер ар кандай болот: үйрѳнгү саяпкер, тубаса саяпкер жана кыл-табып саяпкер делип. Тубаса саяпкерликтин сыры бар, бирок кандайча экени билинбейт, мен жылкыны бир кѳргѳндѳ эле тааныйм, мейли чоң ат, мейли бышты, мейли кунан, мейли тай болсун. Күлүк болор жаныбардын канашы кенен болуп, капшытуу келет, бели кыска, кар жилиги ичке болуп, соорусунан тарта бели кыска болот. Туяктары жазы болуп, кулагы камыш кулак, куйругу субай, жалы сулуу – суюк келип, азуу тиштери тегиз ѳсѳт. Ушу жашка келгенде 5 күлүк таптадым, анын ичинен 4 ѳзүмдүкү, 1 бѳлѳк кишиники болду. Баардыгы мелдештерде 1,2 орундуу болушту, айрым учурда гана 3-болуп калчу. Баш байгени мен таптаган күлүк, жорголор Нарын чѳлкѳмүндѳ берген жок.

Азыр, кѳз мурдагыдай алысты жакшы кѳрбѳй калды, бирок Күрѳң жоргонун башын дагы деле сактап келем. Ѳзүмдүн атактуу Күрѳң жоргомун башын бийик бакка илип, ырым кылам. Анын ордуна башка күлүктѳрүмдү да байлап жүрдүм. Акыры кара жер оозун ачат да, мен ушу бойдон жүрѳ бермек белем, менден башка нечендеген мыкты кишилерди – кара жер ѳзүнѳ жашырып албадыбы. Канда бар нерсе, акыры балдардын бирѳѳсүнѳ ѳтѳт да. Мен ушул Ыйман деген неберемден үмүт кылып калдым. Ушул балам бир тай сатып келиптир, ушунда бирдеке болуп калды. Себеби, анын мүчѳсүнѳн байкадым. Жарыша кеткенде, чуркай калып жүрѳт. Ѳзүмдүн тилегим, кунан болгонго чейин кудай ѳмүр берсе таптап берсем дейм. Менин атымды чакырчу, ата-конушун ээлей турган ушул кичүү балам (неберем) да. Таптасам, ошондо барып чапканга жарарына кѳзүм жетип турат. Быштым күлүк болот эле, аны күйѳѳ балам сураганынан кармата бердим. Анда сыр бар эле, соору кенен, чоң соору, канашы да кенен келип, туягы калың, тик болчу. Күйѳѳ балага берген бычтыны күрѳң жоргонун ордуна байлачумун, азыр анын ордуна тайды байлап жүрѳм.

- Күлүктүн баары эле ѳзүнѳн ѳзү чуркай бербейт да. Аны таптап, тоютун, жемин, чѳбүн, суутканда – суусун кандыруу дегени бар эмеспи. Бул жагынан эмне айтасыз?

- Туура. Күлүккѳ дайыма таза тоют керек. Айрыкча экинчи чабыктан тойгуза оттотуш керек, ошол экинчи чабыктан азык кылып даярдап, камдап коюу зарыл. Этинен түшүрбѳй, эттүү кармаш талапка ылайык келет. Кезек-кезек терин алып, жабы жаап – мойнун буулантып, таң ашырып, тамагын берип, бешим болуп калганда чѳбүн берип, байгеге чабылбаса деле күн алыс эки жолудан тер алып туруш ашыктык кылбайт. Күлүк дайыма табында болушу абзел.Чоң кара кашкамдын семиз кезинде, денесин буулантып таң ашырып коюп жүрдүм. Адегенде, жука жабуу менен жаап, буусун сыртка чыгарбай, бат-бат тердетип турса этүү ат кыйналбай жакшы тапка келет. Мойнунан тарта оор жабыш керек, себеби күлүк бат тердеши керек. 4,5 жолудан кѳпкѳ жетелеп суутун кандырса жакшы болот. Байгеге чабар кезге жакындаган сайын 7, 8 жолу тер алып, арпа жем берип турса кубатында болот. Арпа, сулу менен кайрып койсоң, тим эле жагалмай болуп калбайбы. Тер алууда, жылуу жаап, атты суусун кандырып турса, оюңдагыдай болуп, ѳзүң канаттансаң. Суутуп жатканда, абдан жетелеп, жетѳѳсүн кандырып келип отко койсоң андан жакшы. Жетегин кандырбаса болбойт, 1,2 жолу жетелеп койсо чала болуп калат. Чабар күнү күчтүү чѳп бербеш керек, боз чѳптѳн чаап же оруп дайындап коюп берсең, табында болот. Ал чѳп каны менен турат, күлүккѳ кубат берет.

- Саяпкерликтин сырларын айтып жатасыз. Ѳзүңүз учурунда таң берген мыкты саяпкерлерди жолуктура алдыңызбы?

- Сѳз башында айттым го, кыл-табып саяпкер деп. Ошол кыл-табып саяпкер Келдикенин Чокой дегени болгон, ѳзү Ак-талаалык саяктын майрык деген уругунан эле. Жакшы суулган атты кѳргѳндѳ эле, сооросун ашчы дечү, жаман суулган ат болсо карачы да эмес.Үсѳйүн деген саяпкер айтчу, мындай кыл-табып саяпкерди кѳргѳн эмесмин деп. Соң-Кѳлдѳгү бир тойго Кызыл атты алып бардым эле. Бир күн мурда бирдеме ууртап коюп, башым ооруп турганымдан чүмкѳнүп жатып алгам. Кошо баргандар: Чабыла турган атты эмне кылабыз? – дегенинен, – чѳптѳн салып койгула! – деп, жатып алгам. Эртеси чабыларда, Чоко: Атың чыкпайт! – деди, атым чыккан жок. Мен билбейм, ал атымды сыртынан карап эле билген экен. Кѳрсѳ, балдар чѳптүн ордуна, арпанын саманынын салып коюшуптур, ошондо бир таң бердим.

Куумурат Тынаалы деген бар эле, адагы атын алып келген экен, андан башка жетиген-Бакастын күлүк аты келди. Бакаска айтты: Байгелүү болосуң, Кара кашкаң чыгат! - деп. Тынаалынын аты 2-чи чыгып келди, бирок келгенде эле чычкактап, ичи ѳтүп кетти. Ошондо Чоко: Тынаалы, ат таптабай кара жерге кир, атыңды шалба чѳпкѳ откозуп койгон турбайсыңбы! - деди. Ошодон кѳп ѳтпѳй, экинчи той болду. Чоко элден челчеңдеп, тээтигиндейрек жерге барып отуруп алганын кѳргѳндѳр: Чоко, бери жакка келбейсиңби! - дегендерге: Барганда эмне, бүгүн Жерде ат чыгат! - деп койду. Айтканындай, ѳзүнүн Жердеси чыгып келди, аты чыкканда, бир ырым кылбай кетип калып, элдин нааласына калды. Элдин назары кыйында, жакшысын да, жаманын да ылгап алат. Кудай, эркекке берчү ѳнѳрдү дал ушу Чокого берген. Анын катуулугу ушунчалык болгондуктан, эл арасында кадыр-баркы жок эле. Кыл-табып саяпкерлиги, чон мергендиги,чоң ордочу, мүнүшкѳрдүгү жагынан ага киши жетпеген.

IMG_1953

- Күлүктѳрүңүз жѳнүндѳ айттыңыз, эл болгондон кийин болот да, күлүктѳрүңүздүн ичинен уурдатканыңыз болдубу?

- Алтын кѳкүл деген күлүгүмдү жумалдыктарга уурдаттым. Бирок, кай жакка уурдап кетишкенин алгач билгеним жок.Үч киши болуп издеп чыктык, адегенде Кочкорго Токтосун деген жакшы жолдошум бар эле, ошонукуна келип ал жайды түшүндүрдүм. Ал бизди кайындарыныкына алып жѳнѳдү. Кѳрсѳ, Токтосун Теңдиктеги Усубалы аксакалдын күйѳѳ баласы болот экен, аныкына келдик. Токтосун Усубалы аксакалга келгенибиздин ал-жайын түшүндүрдү. Усубалынын кемпири абдан жакшы киши экен, бизге казан асып, кыргызча абдан сыйлады. Кеч кирип, жатар-конокко келгенде, Усубалы аксакал: Азып-тозуп, кыйналып келген экенсиңер, ме айланайын Токтосундун жакшы жолдошу экенсиң, Турдакундун үйүнүн ачкычын сага берейин. Ал үйдѳ эмне кааласаң баары бар, ошол жерге жаткыла! - деди. Ал жердеги муздаткычты ачсак, жылкынын ич эти – казы, карта, чучугунан бери бар экен. 4 киши бир шампанын ачып ичтик, эрте менен туруп тазалап, ачкычын эжеге бердик.

Токтосун бизге кошулду, Чаекке жѳнѳдүк. Барганда эле милициянын начальнигине кирдик, ал дыңкыйып бизди жакшы кабыл албай койду. Сыртка чыгып, Токтосун экѳѳбүз бири-бирибизге, Кочкордон чыгып жатканда, эже, Кенжалиевге айттым дебедиби беле, экѳѳбүз ошого кирели деп, алиги дыңкыйгандан сураганы кайра кирдик. Киргенибизде, дыңкыйган начальниктин телефону шыңгырап калды, ал сүйлѳшүп жатып эле бѳлѳкчѳ боло түштү. Телефондогу үнгѳ эле бѳйпѳктѳп, убадаларын берип жатты. Сүйлѳшүп бүтүп, бизге бѳлѳкчө мамиле кылып кирди. Мен тынч турбай: Шибеге менен сени бир жериңе, бирѳѳ сайдыбы?! – дедим. Кѳздѳрүн алаңдатып: Издегениңер табылат, алып кеткенге машинаңар барбы? Издеген жылкыңар табылат, табып беребиз! - десе болобу. Заматта бир жердеги кашардын дарегин айтып берди. Сыртка чыгып 3-4 баласы бар бирѳѳгѳ жолугуп, дүкѳндѳн момпосуй алып, үйүнѳ кирсем, ал Жумгал элинин сырын айтып кирди.

Жѳнѳп калдык, барсак чоң сарайы экен, ичинде жылкылар батпайт. Уурдалган жылкылардын ууру ээлери милиция менен байланышпы, же кармалган жылкыларды ошол жерге кармашабы, ким билсин биле алганыбыз жок. Ууруларга деле баары бир болсо керек, болбосо күлүктүн кѳзүн тазалап койбойбу дейм да. Биз сарайга киргенибизде, жылкылар сарайдын ылдый жагын кѳздѳй качты. Алтын кѳкүлдүн тай кезинде эле, «Бобка» деп кѳндүрүп койгонбуз, мен тааный коюп, «Бобка, Бобка!» десем, жаныбар мени карап токтоп калды. Ошо менен жылкыны алып кѳчѳгѳ чыктык. Жумгалдыктардын сырын айткан жигиттин эскерткени эсимде эле, ал бизге: Жылкыңарды тапкандан кийин, токтобой тезинен келип калгыла. Мен, ноопас союп койсом, ноопасымдын этин уурдап кетишкен, дегенинен, тез эле алиги жигиттикине жетип келдик. Жигит, тээтиги машина оңдоп жаткан татар айдоочуга айтып кѳргүлѳ деди. Биз келип татар жигитке айтсак, дѳңгѳлѳк салып бүтѳйүн, акчасын кечиктирбесеңер эле болду деди. Машинага жылкыбызды салып, татар жигиттен үйгѳ саламдуба айттырып жибердик. Үйдѳгүлѳр, жылкыны түшүрүп калып, Сапарбай деген кишиден акчасын алып берип, алкышын айтып жиберишиптир.

Алтын кѳкүлдү кудалырыбыз, байгеге чабабыз деп суратканынан, мен болбой койдум. Атамдан сураганда, карындашыңдын бир тууган кайниси болсо, бер деп, бердиртти. Эки жолу чаап, чыгаралышкан жок. Үсѳнбек деген киши экѳѳбүз чарбанын кочкорлорун бакчубуз, анын да күлүгү бар эле, жарыштырмай болдук. Алтын кѳкүлдү жайлай буудай жем менен эттентип алгам. Күзүндѳ чаптык, чапканда байгесин азыраак айтып койгон экем, чыгып келди. Аралыгы 10-15 км жер эле. Аттар келатат, астында экен, артындагы аттан бир жарым бута, азыркыча 60-70 метрдей жерде ашып келатат. Жалгыз Теректен экѳѳ чыгып, сүрѳйбүз деди эле, атам сүрѳттүрбѳй койду, ѳзү чыгып келет деп. Чынында ѳзү чыгып келди. Байгесин алдым, ырымын турган элге берип, калганын атама бердим. Атам алып, кѳзүнѳ сүртүп, эми мындан кийин Алтын кѳкүлдү колдон чыгарба деди. Ошону менен бирге күрѳң жарго бар, аны да байгеге таптап салып жүрѳбүз. Кийин Күрѳ жорго картайдыбы, баш байгеден калып 2,3- болуп чыгып жүрдү. Бир күнү атам: Балам, токтот, болду! деди. Ошондо Күрѳң жоргого 11 асый болуп калган.

Фрунзедеги Ипподромго картайып калган убагында салдырдык, кѳп жоргонун ичинен 3-чү болуп келди. Ошондо кѳбү, чыкпайт дешип мелдешип да кетишкен. Кийин Нарында, Күрѳң жорго негизги байгеге татыктуу болду. Андан сырткары, биз жактан баргандар ѳзүлѳрүнчѳ – жекече байге сайышып кетишти. Атам менен райкомдун катчысы экѳѳ мелдеше кетти, ортолук байге 1000 сом болду. Күрѳң жорго чыгып келгенде, райкомдун катчысы утулуп калды да, атам: Кана акчаң? – деп, райкомго колун сунду эле, ал 1000 сомун атама санап берди. Дайыракунов деген байгеден качып, мыйыгынан күлүп, болбой койгон. Келатканыбызда, Дайыракунов жолдо тосуп турганын кѳрүшкѳндѳр, бир тыйын бербе, дешти. Кѳпчүлүктүн айтканындай кылдым.

Фрунзеде дагы бир маараке болду. Күрѳң жоргону алып бардык. Жоргорлордун ичинен кѳзгѳ илингени, таймаша турганы эле Кара жорго болду. Күрѳң жоргонун үстүндѳ ѳзүм, атам, мен коё бер дегенде, коё бересиң деди. 3-айлампага келгенимде, «кой бер» деген атамдын үнү чыкты, мен жоргомдун оозун коё бердим. Мактаган Кара жорго марага кѳп жетпей талтайып туруп калды. Күрѳң жорго ала кача жѳнѳп, 1-чи болуп чыгып келди. Кийин атамдын тилин алып, Күрѳң жоргону байгеге чапканды токтоттум. Күрѳң жорго картайды деп, атам байлай берди. Бир күнү атам, атыңдын жалын кармачы, деди. Тунуп калган экен,сойдук, таман чыкты. Туугандар тең этин бир жака, тең этин экинчи жака таштап, бул жагын сиз алыңыз, бул жагын биз алалалы, дешти. Анда, 30 жашта кезим. Баш этин салып жеп, жаак, тилин ажыратканда, ошондо атам: Атаңдын кѳрү, карып калган экенмин, дагы эки жылча коё турсам болмок экен! - деди.

- Күрѳң жоргодон тигинтип кутулган экенсиңер, Алтын кѳкүл эмне болду?

- Алтын кѳкүл доорун сүрүп турганда, кызым турмушка чыкты. Улуу уулум кудаларымдын үйүндѳ отуруп, карындашымдын «гардеробу» менден деп коёт. Ал убакта, сепке кошумча катары «гардероб» деген берилчи. Колунан келбей калып, астына барарга үч, тѳрт күн калганда, айла жок Алтын кѳкүлдү союп, этин элге таратып, акчасына убада кылган гардеробун алып барбадыкпы. Кийин атам, балам саяпкер аталып калдың, ийгилигиң жаман болгон жок, кебимди уксаң, бирѳѳнүн малына жолобой жүр, нааласына каласың дегенден кийин, бирѳѳлѳрдүн аттарына саяпкерлик кылганды токтотуп, жологонум жок. Бир адамдын абылайдай асылганынан, күрѳң жоргосун таптап бердим, байгелүү болду.

Атактуу Акматбек саяпкер аксакал менен маегибизди ушунтип жакшы маанайда бүтүрдүк. Ѳмүрүңѳр узун болсун, бак-таалайлуу болгула! - деген батасын алып, коштошуп, Улан экѳѳбүз жолго чыктык.

Маектешкен Кайнарбек Бийлибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7742
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
coomart
16:01, 13 октября 2016
Асып-тозуп - Азып-тозуп
бычты - бышты
азий - асый
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу