Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Казакстанда Секс жана демография министрлигин түзүү сунушталууда

Turmush -  Төрөлүүнү жогорулатуу, ошондой эле сексуалдык кылмыштардын деңгээлин төмөндөтүү максатында Казакстандын мусулмандар кеңеши жана Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча мусулмандар комитети Казакстандын премьер-министрине Секс жана демография министрлигин түзүү сунушу менен кайрылышты, деп жазат News-Asia.

«Өлкөдөгү азыркы абал кооптонууну жаратып, сексуалдык зомбулукка чоңдор гана эмес, балдар да кабылууда. Педофилиянын өсүшү коркунучтуу масштабга жетти. Сексуалдык террор окуу жайларга, мамлекеттик мекемелерге чейин жетти», - деп айтылат маалыматта.

Сунуш бергендер, жаңы ведомство коомдук либидону (сексуалдык каалоо, - ред.) башкаруунун эффективдүү методдорун гана иштеп чыкпастан, өлкөдө төрөлүүнү жогорулатуунун жаңы жолдорун табууга мүмкүндүк берет деп эсептешет.

Мурдараак, Казакстандын мусулмандар кеңеши өлкөдө секске салык киргизүү сунушу менен чыккан. Алардын айтымында, сексуалдык салыктан түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик бюджетке чегерилип, кийин бул каражаттар казакстандыктардын репродуктивдүү саламаттыгын жакшыртуу, ошондой эле венерикалык оорулар менен күрөшүү үчүн колдонулат.

Москвада даараткана жууп жүргөн кыргызстандыктарга боору ачыган казак министрин сексуалдык асылууга айыпташууда

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3355
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×