Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Президент А.Атамбаев актер А.Мурадиллаевдин операциясына материалдык жардам бөлдү

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясынын биринчи этабына материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом бөлүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кзматы билдирди.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Бишкектеги клиникалык оорукананын дарыгерлери актёр Азиз Мурадилаев С гепатитине кабылып, боор оорусунан жабыркагандыктан, боорун алмаштыруу зарылдыгын тастыкташканын жазышкан.

Бул дартка операция өтө кымбат тургандыктан, актердун сахналаш, кесиптештери кайрымдуулук акциясын өткөрүүдө.

Мурадилаевдин операциясына каражат чогултуу максатында 25-октябрда Бишкектеги кыргыз драма театрында кайрымдуулук концерт жана марафон өткөрүлмөкчү.

Эске салсак, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар А.Мурадилаевге жардам берүүгө чакырып, Жогорку Кеңештин фондунан акча бөлүп берүү зарылдыгын айтышкан.

Маалымкат:

Актёр Азиз Мурадиллаев 1978-жылы туулган. Ал өзүнүн актёрдук карьерасында 40тан ашык кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролу менен кеңири белгилүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2144
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×