Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Депутат А.Самигуллина: Ымыркайдын абалын аныктай турган япон жабдуусун сатып алуу керек

Turmush -  Ымыркайдын абалын аныктай турган жапон жабдуусун сатып алуу керек. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Альфия Самигуллина билдирди.

ЖКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси менен уюштурулган кереге маекте ЮНИСЕФтин жана медицина тармагынын адистери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ымыркай төрөлгөндөн тарта ден соолугунун абалын аныктай турган япон жабдуусун сатып алуу сунушу берилди. Андай аппараттын баасы 40 миӊ долллардын тегерегениде.

Ымыркайлар төрөлгөндө дени сак көрүнүп, бирок бир аз чоноё баштагандан тарта алардын аң-сезиминин өсүүсү менен акыл-эси артта калууда. Алардын кандай абалда экенин аныктоочу аппарат жок. Ошондуктан, анын алдын алуу үчүн кам көрүү зарылдыгы бар.

Дарыгерлердин айтымында, ымыркай сырткы келбети боюнча дени сак көрүнүшү мүмкүн, бирок анын оорулуу же акыл-эсинин өсүү темпи үч-төрт жашка чыкканда гана байкалууда.

«Жеткинчектерге убагында кам көрүлбөй, жыл өтүп текшерилгендиги үчүн кыйналып калууда. Ошондуктан, бул балдардын келечеги үчүн жасалып жаткан аракет», - деди А.Самигуллина.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1655
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×