Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Казак президенти Н.Назарбаев дарыгерлердин көзөмөлүндө

Turmush -  Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кыска билдирүү менен кабарланды.

ак орда

Ак ордонун маалымат кызматы президент Н.Назарбаев тумоолоп калганын билдирди.

Казак президентинин ден соолугуна байланыштуу мындай расмий кабар президенттик администрациянын сайтына алгачкы жолу чыгып жатат.

Кечээ Назарбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшкөн жана айрым чет өлкөлөрдүн Казакстандагы элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу иш-чарасына катышкан.

Эртең, 13-октябрда президент Ереванга расмий сапар менен барышы керек.

76 жаштагы Назарбаев 1991-жылдын декабрь айынан бери Казакстанды жетектеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2124
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×