Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Баракелде, Бишкек 11.10.2016 17:31

Р.Отунбаева: Бүгүнкү учур кыздар тууралуу кайсы коомдо болбосун өзгөчө көӊүл бурууну талап кылып турат

Turmush -  Кыздар – коомдун күзгүсү. Биз канчалык кыздардын өсүп-өнүгүүсү үчүн коопсуз коомду кура алсак, аларга керектүү билимди жана кесипти берип, ден соолугун коргой алсак, ошончолук мыкты келечек ээлерин жаратып, татыктуу энелерге камкордук көргөн болобуз, деп айтылат экс-президент Роза Отунбаеванын бүгүн, 11-октябрь Эл аралык кыздар күнү менен куттуктоосунда. Бул тууралуу «Р.Отунбаеванын демилгеси» фондунан билдиришти.

«Бүгүнкү учур кыздар тууралуу кайсы коомдо болбосун өзгөчө көӊүл бурууну талап кылып турат. Анткени миграция, эрте күйөөгө берүү, зомбулук, мектепте окубай калуу сыяктуу терс жагдайлар кыздарыбыздын жүзүнө көлөкө түшүрүп, алардын толук кандуу калыптанып, бойго жетүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Кыздарыбыз кордук көрбөй, зомбулуктан тыш, жаркын келечекке умтулушу үчүн биз баарыбыз жапа тырмак кол кабыш кылууга тийишпиз», - деп айтылат.

Ошондой эле белгиленгендей, 2015-жылы өткөрүлгөн Улуттук аялдар форуму да өзүнүн атайын сессиясында кыздардын ден соолугун сактоо, укуктарын коргоо, алардын толук кандуу бой жетип, билимге, кесипке ээ болуусу тууралуу чоӊ маселени талкууга алып, коомчулук жана мамлекет алдына көп милдеттерди алып чыккан.

«БУУнун атайын чечими менен 2012-жылдан бери белгиленип келе жаткан бүгүнкү Эл аралык кыздар күнү кыздар тууралуу көйгөлүү маселелерди ачык айтып, аларды чечүүнүн жол-жобосун аныктай турган күн да болуп саналат. Кыздар тууралуу жер жүзүндө көптөгөн көйгөй маселелердин бар экени Бириккен улуттар уюмунун кыздар күнүн атайын белгилөөсүнө негиз болгон. Ошондуктан бул күнгө коомчулуктун, мамлекеттин маани берип, көӊүл буруусуна чакырат элем, - деп кошумчаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×