Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кыргызстанда акыркы жолу шарп ылаңына кабылган уй 2014-жылы катталган, - Айыл чарба министрлиги

Turmush -  2016-2020-жылдарга малдын шарп оорусуна каршы күрөшүү боюнча стратегиялык планы Кыргызстандын шарп оорусун көзөмөлдөө боюнча кырдаалдын экинчи этабына өткөндүгүн эске алуу менен кайрадан иштелип чыгат. Бул тууралуу КРнын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бѳлүмүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, стратегияны кайрадан иштеп чыгууга болжол менен жарым жыл кетет. Мындай иш-аракетти аткаруу 5 адамдан түзүлгөн жумушчу топко жүктөлгөн. Топтун жетекчиси – «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун адиси Жолдошбек Касымбеков, Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын Жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө башкармасынын башчысы Мурат Абдраев, Мамлекеттик ветинспекциянын директорунун кеңешчиси жана Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө башкармасынын башчысынын милдетин аткаруучу Толон Ырсалиев, Кыргыз илимий-изилдөө институтунун жетектөөчү адиси Екатерина Крутская, Республикалык ветеринардык диагностика борборунун вирусология бөлүмүнүн башчысы Бурул Осокеева.

Ж.Касымбеков түшүндүргөндөй, шарп оорусун көзөмөлдөө системасы алты этаптан турат. Нөлдүк этапта оору коркунучу көзөмөлдөнбөйт жана тастыкталган маалымат жок. Биринчи этапта оорунун коркунучтары  жана көзөмөлдүн түрлөрү аныкталат. Экинчи этапта көзөмөлдөө иштери коркунучтарды эске алуу менен жүргүзүлөт. Үчүнчү этапта оорунун жайылышын жоюу боюнча стратегия ишке ашырылат, төртүнчү этапта оорунун таркашынын жана очогунун башталгыч деңгээли, бешинчи этапта оорунун таралышы жана очогу нөлдүк деңгээлде кармалып турат жана эмдөө иштери токтотулат. Бешинчи этаптагы «мамлекеттер эмдөө иштери жүргүзүлбөгөн жана шарп оорусунан арылган» статусун жана Эл аралык эпизоотикалык бюронун тиешелүү сертификатын алышат.

«Дал ушундай мамлекеттердин ичине Европанын өлкөлөрү кирет. Алар мамлекеттериндеги мындай абалды абдан жогору баалашат. Ал турсун фермерлердин көпчүлүгү шарп деп аталган ылаңдын бар экендигин билишпейт. 2012-жылы Англияда бул ылаңдын бирин-серин пайда болгону катталганда, ылаңдын таралышын токтотуу максатында бардык бодо малды жок кылуу чечими кабыл алынган», - деди Ж.Касымбеков.

Ал Кыргызстанда акыркы жолу 2014-жылы Талас облусунда шарп ылаңына кабылган бир уй катталгандыгын айтып өттү. «Мурдагыга караганда учурдагы абал бир кыйла жакшы. Биз экинчи баскычка өтүп жатабыз: пландаштырууну контролдоо же уюштуруу иш-чаралары малдын ылаңдап калуу коркунучун эске алуу менен жүргүзүлөт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикистан менен Түркмөнстанда кырдаал бир кыйла начар. Казакстандын айрым бөлүгү бир кыйла жогорку деңгээлде», - деп кошумчалады адис.

Маалымкат:

Шарп — туяктуу жаныбарларда (көбүнчө бодо малда) кездешүүчү эң коркунучтуу, тез тарай турган, курч өтүүчү оору. Бул ылаң калтыратмага чалдыккан, ооздун жана мурундун былжыр челинде, желинде, буттардын терисинде ыйлаакчаларды пайда кылуучу ылаң болуп эсептелет. Оорунун белгилери билине баштаса, үч километрден кем эмес аралыкта жайгашкан ылаңга туруштук бере албаган бардык малды эмдөөдөн өткөрүш керек. Ылаңдаган малды да дарылоо талап кылынат. Ооз көңдөйүндөгү ыйлаакчалардын айынан ылаңдуу мал жем-чөп жей албай калат. Оорунун кесепетинен малдын салмагы жана сүтү азаят. Малды дарылабаса өлүмгө учурашы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2044
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу