Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Өкмөт Улуттук онкология борбору менен Улуттук гематология борборун бириктирет

Turmush -  КР өкмөтү Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук онкология борборун жана Улуттук гематология борборун бириктирүү сунушун колдоду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Аталган сунуш Улуттук онкология борбору жана Улуттук гематология борбору онкологиялык жана гематологиялык бейтаптарга стационардык жана амбулатордук шарттарда адистештирилген көмөк көрсөтүүчү саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлдеги уюмдары экендигин эске алуу менен госиталдык кызматты оптималдаштыруу жана рационалдаштыруу максатында киргизилген.

«Аталган борборлор дарылоо-диагностикалык, илимий-изилдөө жана окутуу-билим берүүчүлүк милдеттерди аткарат. Гемотологиялык оорулуулардын көпчүлүк бөлүгү онкологиялык кызматтын милдетине жүктөлгөн. Клиникалык шартта онкология жана гемотология диагностика жана терапиялык методдорду иштеп чыгууда жалпылыктарга ээ болуп, химия терапиялык ыкмаларды колдонууда иммунотерапии, биологиялык изилдөө ыкмалары, магниттик-резонанстуу томография, биопсия менен байланышат», – деп белгиленет Саламаттыкты сактоо министрлигинин катында.

Өкмөт ошондой эле, кыска мөөнөттүн ичинде бирдиктүү онкогемотология борборун түзүү боюнча чечимдин долбоорун иштеп чыгууну жана киргизүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3062
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×