Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Эродүйнө: Кыз бойдон калып кош бойлуу болууга толук мүмкүн, - дарыгерлер

Turmush -  Көпчүлүк адамдар кыздардагы кыздык белги биринчи жыныстык катнаш учурунда жыртылат деп эсептешет. Бирок, бардык учурда андай эмес, анткени кыздык чел ар кимде ар кандай, айрымдарында төрөлгөндө эле жок болушу мүмкүн.

Айрым аялдардын кыздык чели өтө калың келип, оңой менен жыртылбайт жана биринчи жыныстык катнашта катуу оорутууга чейин алып барат. Ал эми кээ бир учурларда кыздык чел кагаздай өтө жука болот жана алгачкы жыныстык катнашта ооруксунтпай, кээде таптакыр эле билинбейт.

Бирок, кыз төрөлгөндө эле анын кыздык чели жок болгон учурлар да кездешет, бул алардын 10-15%ында байкалат. Башкаларында бул чел абдан серпилгич болот. Андан улам жыныстык катнаш учурунда бул чел жыртылбай, жөн гана чоюлуп калат да, кийин кайра ордуна келет. Дал ошондуктан кыздык челдин болушу кыз экенинин толук далили эмес.

Андан тышкары, кыздык челде сперматозоиддер ал аркылуу өтө алгыдай жетишээрлик чоңдукта тешик болот. Ушундан кийин аял фактылык түрдө кыз бойдон калса да, боюнда болуп калууга толук мүмкүн, деп эсептешет дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 28244
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×