Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Бишкек шаарынын мэриясы КРнын алгачкы балдар хосписине имарат бөлдү

Turmush -  Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Помогать легко» коомдук фондунун жана КРнын алгачкы балдар хосписинин* түзүүчүсү Динара Аляева менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак Д.Аляева муниципалитетке КРнын балдар хосписин уюштурууга имарат бөлүү боюнча сунуш менен кайрылган. Кайрылууну карап чыгып, Бишкек мэриясы Жаш Гвардия бульвары №71 дарегинде жайгашкан имаратты бөлдү.

Аталган имарат буга чейин №2 балдар кургак учук ооруканасы катары иш алып барып келген. Ал кургак учукка каршы күрөшүү кызматын оптимизациялоо алкагында жабылган.

Эми имараттын экинчи кабатында балдар хосписи иштей баштайт. Ал эми биринчи кабатта райондун калкын тейлөөчү Тез жардам кызматын жайгаштыруу пландалууда.

Муниципалитет коммуналдык тейлөө чыгымдарын мойнуна алат. Андан тышкары, имаратты ижарага берүүдө 100%дык жеңилдик көрсөтүү сунушу Бишкек шаардык кеңешине берилет.

* Хоспис - бейтаптар (айрыкча онкологиялык) үчүн, алардын ооруларын жеңилдетүүчү шарттар түзүлгөн клиника, дарылоо мекемеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2013
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×