При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Президенттик аппарат: А.Атамбаев К.Батыров менен 2010-жылы Р.Отунбаеванын өтүнүчү боюнча бир гана жолу жолуккан

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев айтылуу Кадыржан Батыров менен 2010-жылы Роза Отунбаеванын өтүнүчү боюнча бир гана жолу жолуккан. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда КР президентинин Аппараттынын маалыматтык саясат бөлүмү ЖМКлардагы айрым макалаларга байланыштуу билдирди.

Билдирүү толугу менен берилет:

«Бул жолугушуунун демилгечиси Убактылуу өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаева болуу менен, өзүнүн биринчи орун басары А.Атамбаевден ошол кездеги өзбек улуттук-маданий борборунун лидерин кабыл алууну өтүнгөн. 

Алмазбек Шаршенович бир канча жолу билдиргендей, К.Батыров менен ал жолугушууда этностук азчылыктардын өкүлдөрүн мамлекеттик кызматтарга тартуу өтүнүчү айтылган. Мындай проблема бар экенине негизинен макул болуу менен катар эле А.Атамбаев К.Батыровдун дарегине ал (К.Батыров) жетекчилик кылган  «Ватан» (Мекен) саясий партиясынын этностук белги боюнча түзүлүшүнө карата сынын айткан. Андан тышкары К.Батыровго  кыргызстандык өзбектерди бөлүнүүгө баштабоого жана парламенттик шайлоого этностук ураандар менен чыгуу сыяктуу опурталдуу  идеядан баш тартууга кеӊеш берген. Тилекке каршы, К.Батыров А.Атамбаевдин кеӊештерин укпастан, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасынан  башка тилектеш адамдарды таап алган. Жалал-Абад облусунун тургундары сепаратисттердин лидери менен кайсы саясатчылар кызматташканын, ошондой эле К. Батыров кылмыш жасап жатканда кайсы саясатчылардын жакын туугандары анын жанында болгонун жакшы билишет.

Ошол эле кезде ЖМКларда 2010-жылдагы окуялар тууралу көптөгөн маалыматтар, анын ичинде  К.Батыровдун интервьюсу Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жашырып келаткан бардык чындык эртеби-кечпи элге белгилүү болот деген президент А.Атамбаевдин сөздөрүн ырастап жатат. 

Ошону менен катар К.Батыровдун бир эле ЖМКга - «Эркин Европа» Радиосу/«Эркиндик» Радиосу («Озодлик» өзбек кызматына жана «Азаттык» кыргыз кызматына) өзбек жана кыргыз тилдеринде берген маектеринин мазмунунда кыйла дал келбестиктер бар экенин белгилөө керек.

Кыргыз тилинде аудио-видео версиянын жоктугу «Азаттык» кыргыз кызматы тарабынан атайы саясbй максатты көздөп редакцияланган болушу мүмкүн деген ойго түртөт. Атап айтканда, кыргызча жана орусча тексттеринде  Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү менен байланыштары болгону тууралу К.Батыровдун сөздөрүн редакторлор «тазалап» коюшканын эксперттер дароо байкашкан. «Эркин Европа» Радиосу/«Эркиндик» Радиосу администрациясы «Азаттык» кыргыз кызматынынын жетекчилеринин саясий жан тартуучулугуна көӊүл буруусу зарыл экенин абдан маанилүүү деп эсептейбиз», - деп айтылат.

Президенттик аппарат башчысынын орун басары М.Карыбаева К.Батыровго сөз берилгенде залдан чыгып кетти (видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1962
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:18,   20.08.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу