Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Депутат Д.Бекешев саламаттыкты сактоо адистерин чет өлкөлөрдөн окутуп келүүнү сунуштады

Turmush -  Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев саламаттыкты сактоо жаатындагы орчундуу көйгөйлөрдүн чечилишине токтолду.

Эл өкүлү бөйрөк оорулары күчөп бара жаткандыгын, бөйрөктү трансплантациялоо үчүн жарандар чет өлкөлөргө чыгып, 20-25-миң долларга операция жасатып келип жаткандыгын билдирди. Ошол эле маалда мамлекет бөйрөк оорулуулары үчүн гемодиализ аппараты менен камсыздоого аракет кылып жаткандыгын кошумчалады.

«Бирок, бул көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес да. Балким, дарыгерлерибизди чет өлкөлөрдөн окутуп келип, өзүбүздөн операция жсоону колго албайлыбы. КР өкмөтү бул иштин эсеп-кысабын чыгарып келсеңер»,- деди Д.Бекешев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2003
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 13 адам окуп жатат)
×