Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Депутат 2017-жылды саламаттыкты сактоо жылы деп жарыялоону сунуштады

Turmush -  Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Баткендеги саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөрдү тизмектеди.

Депутат Баткендеги ооруканаларда рентген, флюрография, томография, УДИ сыяктуу аппараттар жоктугунан жергиликтүү тургундар коңшу Тажикстанга барып көрүнүп, диагноз койдуруп келип, анан дарыланууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.

«Саламаттыкты сактоо тармагындагы мындай көйгөйлөрдү чечүүгө комплексттүү мамиле зарыл. Кийинки жылы биргеликте иш алып барып, приоритеттик түрдө саламаттыкты сактоо тармагын каржылоого алалы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×