Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Адистин кеңеши: Өнөкөт чарчоонун синдрому бизди кантип өлтүрүүдө

Turmush -  Жумушка келип, аларга атүгүл эң жөнөкөй тапшырмалар да бардык мүмкүнчүлүктөрдүн чегине жеткен чыңалууну талап кылгандай сезилет. Кечинде улам башка каналдарга ирээтсиз которуу менен сыналгынын алдында отурушат, анткени белгилүү бир нерсеге көңүл коюуга дарман келбейт. Ал эми түнүчүндө - күндүн аягында абдан чарчаганына карабай, уйкусуздук менен күрөшөт.

2  

«Өнөкөт чарчоонун синдрому» – цивилизациянын «жаш» ооруларынын бири, бирок жер бетиндеги калктын 2%ын камтууга жетишти, ал эми врачтардын болжолдоолоруна ылайык, 50 жылдан кийин бул сан 20%га жетиши мүмкүн.

Өнөкөт чарчоонун синдрому артында, баштапкы белгилери бул синдромдун пайда болушуна окшош көбүрөөк олуттуу оорулар жатат. Акыркы жылдары, өнөкөт чарчоонун синдрому же «грипп яппи» дал таза түрүндө көп кездешүүдө. Негизинен ага иштермандар жана чыгармачыл адамдар көбүрөөк чалдыгышат, бирок өнөкөт чарчоонун синдрому менен үй кожейкеси деле жабыркашы мүмкүн.

Бул оорунун себептерин билүү аракеттери менен врачтар көптөгөн теорияларды жаратышты. Вирус? Иммундук системадагы бузулуулар? Кайсы бир микроэлементтин жетишсиздиги? Версиялар көп, жана алардын баары жетишээрлик ишенимдүү көрүнөт. Өнөкөт чарчоонун синдромунун дагы бир себептери катары - жашоонун маңызынын жоктугу.

1-017205  

Өзүңдөн чарчаганда...

Заманбап дүйнөдө ийгиликтүү болуш – модалуу, жана бакыт, ушул комплектиге кириши керектей көрүнөт. Бирок көп учурда аны унутуп калышат. Анткени «тез даярдалуучу бакыттын» даяр рецептери жок. Cоциалдык тармактардагы жүздөгөн «лайктар» басылган жылмайып түшкөн сүрөттөр жана күзгүнүн алдында он жолу кайталанган «Мен - мыктымын» деген фраза бизди кичине болсо да чыныгы бактылуу кыла аларын канчалык ишендирүүгө аракет кылышты.

Психологдордун көбү, өнөкөт чарчоо менен жабыркаган адамдар, чынында жумуштан жана күндүн оор режиминен эмес, «өздөрүнүн» жашоосу менен жашабагандыктан - өзү каалаган жумушта иштебегендиктен жана жашоосун өзү каалабаган адамдар менен бөлүшкөндүктөн чарчай турганын белгилешет.

5  

Алар муну моюнга алуудан коркушат, бирок организм унчукпай коюуну билбейт - жөнөкөй эле физикалык симптомдордо: алсыздык, уйкусуроо, себепсиз кыжырдануу, ишке жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү, уйкунун бузулушу, ал эми өнөкөт чарчоонун өрчүп кеткен формаларында - колдордун калтыроосу, сөздөрдү байланыштыра албагандык жана көңүлдү бир жерге топтой албоо менен өзүнүн «нааразылыгын» билдирет.

Кандайдыр бир нерсеге убакытты жана күчтү коротууну каалабоо менен, адам билип туруп өзүн тигинден да, мындан да ажыратат. Организмдин мүмкүндүктөрү жаратуучулук да, кыйратуучулук да жактан чексиз. Адамдын жан дүйнөсү табиятынан чексиз ишмер, жана «ишсиз» калуу менен өзүн өзү кыйратуучунун жай механизмин коё берет. Өнөкөт чарчоонун синдрому – бул, көптөрү кулак сыртында калтыргысы келген биздин ички «мендин» жардам тууралуу кыйкырыгы, анткени өзгөрүлүүгө караганда, инерция менен жашоону уланткан оңой.

6

Өнөкөт чарчоо синдрому менен жабыркаган адам «ал жөн гана чарчап» жатканын айтса да - ал чынында чарчоосу абдан каныккан жашоодон эмес, приоритеттерди туура эмес коюудан, чечилбеген маселелерден жана өтүнүү менен сурагандарга «жок» деп айталбагандан экенин эч качан моюнга албайт. Белгилүү бир окуя (же окуялардын жыйындысы) себеп болгон депрессиядан айырмаланып, өнөкөт чарчоонун синдрому – дал ички, жеке кризистин пайда болот.

Графиктин төмөнкү чекитинен чыгуу

Психологдор ишендиришкендей, өнөкөт чарчоонун синдрому – адам өзүнүн жашоо образын өзгөртүшү керектиги жөнүндө сигналдардын бири. Кеп туура режимде, регулярдуу түрдө спорт менен машыгууда жана витаминдерде эмес. Адам өзүн өзү угуп, өзүнүн реалдуу керектөөлөрүн билүүсү көбүрөөк маанилүү.

Мисалы, өнөкөт чарчоонун синдромуна көп учурда үй-бүлөлүк жашоодон жана бала төрөөдөн мурун карьераны тандап алган аялдар кабылышат, же ата-энелеринин мажбурлоосу менен «өзүнүкү эмес» окуу жайга тапшырып алган студенттер. Өзүн угуп, жашоосун дароо өзгөрткөндөрдүн жыйынтыгы, чынында суктандырарлык - алар, жөн гана таза «физикалык» көрсөтмөлөрдү аткаруу менен ӨЧСтин келип чыгышын алсыздантып, бирок толук жеңе албагандардан айырмаланып, кыска убакыттын ичинде толук калыбына келе алышкан.

Өнөкөт чарчоонун синдромун дарылоо боюнча врачтык көрсөтмөлөрдүн бири – психотерапия же жашоодогу максаттар жөнүндө коуч (кеңеш берүүчү) менен маектешүү бекеринен эмес - мунун баары сиздин приоритеттерди кароого жана зарыл болсо аларды туура коюуга жардам берет.

IMG_7349

Башка врачтык кеңеш – таза абада күн сайын сейилдөө, мүмкүн болсо гүлбакта же токойдо.

«Өнөкөт чарчоонун синдромун» ар кандай атап келишет – «дивандык тумоо», «менеджерлер оорусу», «грипп яппи», «жасалма депрессия»… Бирок аны кандай аташпасын, бир нерсе ачык - дүйнөдө адамдарга стереотиптерди жана жылтылдаган жарнамалык образдарды агрессивдүү таңулоо - аларга бул жашоодо эмне маанилүү жана эмне керектиги жөнүндө түшүнүктөн көп адаштырат. «Жакшы аталарды» жана «катаал жетекчилерди», «баарына жакшы көрүнгөндөрдү» жана «идеалдуу жубайларды» ойноо менен, алар өздөрүнүн чыныгы ролдорунун текстин унутуп калышат.

Дал өнөкөт чарчоонун синдрому - «кыйчалыш учур» болуп калышы мүмкүн, ал өзүңдү өзүң кароого жана бул жашоого эмнеге келгениңди түшүнүүгө жардам берет. Жана, чынында адамдын жан дүйнөсүнө эмне жакын өзүнөн өзү пайда болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7508
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×