Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Пакистандык дарыгерлер менен мугалимдер КММАда ачык сабак өтүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Пакистан Ислам Республикасынын Медициналык жана стоматологиялык кеңешинин жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиясынын мүчөлөрү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын морфологиялык корпусунда ачык сабак өтүштү.

КММАнын басма сөз кызматы билдиргендей, Пакистандагы медицинанын жана медициналык жогорку билим берүүнүн маселелерине арналган иш-чарага студенттер, анын ичинде, чет өлкөлүк студенттер, ошондой эле окутуучулар, аспиранттар катышты.

Коноктор Медакадемиянын айрым клиникалык кафедраларында, Пластинация музейинде, ЖОЖдун алдындагы медборбордо болушуп, кыргыз кесиптештеринин иш-тажрыйбалары менен түздөнтүз таанышып чыгышты.

Исламабаддан келген дарыгер-педагогдорду КММАнын ректору Индира Кудайбергенова кабыл алып, иштиктүү маанайда баарлашты.

DSC_3328

DSC_3252

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1427
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу