Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Сексуалдык каалоосун кармануу эмнеси менен коркунучтуу

Turmush -  Cексуалдык дүүлүгү пайда болгон учурда кан жыныстык органдарга агып келет, эгерде бул учурда жыныстык катнаш болбосо ал сийдик түтүгүнө жана түз ичегиге көпкө туруп калат, деп жазат Страна Здоровья басылмасы.

Анын кесепеттери ар кандай болушу мүмкүн - мастопатиядан тартып, иммундук системасынын бузулушуна чейин, жана башка дагы гинекологиялык ооруларга алып келет.

Физиологдор, жыныстык жашоону регулярдуу жүргүзгөн адамдарда иммунитет 30%га жогору экенин буга чейин эле аныкташкан. Жыныстык катнаш артериалдык басымды турукташтырат, кан тамырлардын тонусун кармайт, инсульт менен инфаркттын алдын алат.

Гормоналдык бузулуулар. Узакка кармануунун дагы бир жагымсыз кесепети - аялдын организминде эркектердин гормондорунун саны көбөйүшү. Жыйынтыгы: теринин сапаты билинерлик начарлай баштайт, эрте картаюу, бетте ашыкча түктөр, майда бырыштар пайда болот. Ал эми коллаген жетишсиз болсо (жыныстык катнаш аны иштеп чыгууну стимулдаштырат) тери эрте карый баштайт, ийкемдүүлүгүн жана серпилгичтигин жоготот.

Психологиялык чөйрө да таасир берет. Депрессия, маанай жоктук, кыжырдануу – жыныстык жашоосу жакшы эмес аялды алыстан эле байкоого болот. Ал эми сексуалдык канааттанууну, биз каалайбызбы, жокпу - биологиялык кошулмалар да, психотерапиянын сеанстары да алмаштыра албайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13508
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×