Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Россиялык отоларингологдор Кыргызстандын болочок дарыгерлерине тажрыйбаларын бөлүшөт

Turmush -  И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова Россия Федералдык медико-биологиялык агенттигине караштуу «Оториноларингология илимий-клиникалык борборунун» директорунун орунбасары, медицина илимдеринин доктору Владимир Давыдов менен жолугушту. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Россиянын мамлекеттик мекемесинин окуу-өндүрүштүк, илимий-тажрыйбалык мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандын болочок дарыгерлерин окутууда пайдалануу тууралуу сүйлөшүштү.

Ошондой эле, тараптар жакын арада өз ара пайдалуу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюу чечимине келишти.

Андан тышкары, октябрь айында КММАга Түштүк Корея жана Пакистандын жогорку медициналык окуу жайларынын, клиникаларынын окумуштууларынын, окутуучуларынын келиши күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1094
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу