Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Театр жана кино актёр Н.Жумагулов: Тарыхый тасмада роль жаратсам деген тилегим бар (фото, маек)

Turmush -  «Мыкты дебют үчүн» улуттук «Эргүү» театр сыйлыгынын ээси (2015-жыл), «Миң бир түн» жана «Мегатой» тасмаларынын башкы каарманы Нуржаасын Жумагулов актерлукка келбесе, мыкты сүрөтчү болмок.

Аталган тасмалардагы ролдору менен таанылып, эл оозуна алынган Нуржаасындын балалыгы Кыргызстандагы кооз жерлердин бири Соң-Көлдө өткөн. «Эмгектенсе, максат койсо баарына жетсе болот» деген каарманыбыз китептен көп нерсе алганын жашырбайт.

Мыкты актерлук чеберчилиги, жөнөкөйлүк, сылыктык, кичи пейилдик сапаттары менен көптөгөн кыздардын жүрөгүн багындырган Н.Жумагулов жашоосундагы кызыктар менен ой бөлүштү.

- Өзгөчө ысымың тууралуу айтып берсең, ким коюптур атыңды?

- Нуржаасын деп таятам коюптур, ал убагында милиция кызматкери болгон. 3-класска келгенимде таятам кайтыш болуп кетти. Кийин эс тартып калганымда атымды ким койгонун сурасам, ошол таятам койгон дешти. Анткени таятам көптү көргөн киши болуптур.

- Тасмаларда дайыма жоош жигиттин ролун аткарасың. Өзүң жашоодо кандайсың?

- Ооба, көпчүлүк учурда ошондоймун. Бирок кээде, көңүлүм ачылып, маанайым жакшы болуп турганда менден өткөн тентек бала жок (күлүп). Ар кайсы жерде көңүлгө, маанайга жараша жүрүп калабыз. А жашоодо негизи «серьёзный» адамбыз.

- Үй-бүлөңдө кимге көбүрөөк жакынсың?

- Үй-бүлөмдө апама жакынмын жана ага окшошмун. Эмнеге дегенде апамдын көзү көк, апамдын жанында 5-6 ай жүрүп калсам, менин да көзүмдүн өңү көк болуп өзгөрө түшөт. Апамдан алыстап кетсем, көзүмдүн өңү кайра башкача болуп калат. Эң жакындык жагым ошондо. Өзүм 4 бир тууганмын. Апам үй кожейкеси, Токмок шаарында турушат. Үй-бүлөдө балдардын улуусумун, 2 иним, бир карындашым бар. Менден кийинкиси 9-класс, карындашым 8-класс, эң кичүүбүз 1-класста окуйт. Мен негизи тайларымдын колунда өскөм.

- Балалыгың кайда өттү?

- Балалыгым Соң-Көлдө өттү. Жаңы төрөлгөндө эле Соң-Көлгө барып, ошол жакта чабандын баласы болуп чоңойдум. Жайында Соң-Көлгө, кышында сарайга, кыштоого келчүмүн.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жогорку май айылында Сүйүмбек Атамбеков атындагы орто мектепте окудум. Көбүнчө балалыгым Соң-Көлдө, жайлоолордо өттү десем болот. Нарындын таза абасынан дем алып, кымыз ичип дегендей, ат минип чоңойгон балдарданбыз.

- Актёрлук кесипти тандашыңа эмне түрткү болду?13316922_1725954614351823_197435257857578638_o

- Негизи өзүм сүрөттү жакшы тарткандыктан, сүрөткө көп кызыкчумун. 2008-жылы 11-классты бүтүп, Академияга (Т.Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясы) бардым. Барсам орундар толуп калыптыр, ал жакка өтпөй калып, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, бюджеттик орунга өтүп кеттим. Драмалык актер бөлүмүндө окудум. Жаңы келгенимде менде театр жөнүндө көп түшүнүк жок болчу, ал эми азыр киного караганда театрды көбүрөөк түшүнөм. Театрга көбүрөөк ыктайбыз. Түмөн түйшүгү, жүрөк жылытарлык иши бар, театрда иштегибиз келет. Анткени театр сенин талантыңа талант, чыгармачылыгыңа дем кошот.

- Демек, актёр эмес, сүрөтчү болууну кыялданчу турбайсыңбы?

- Бала кезимде, мектепте окуп жүргөнүмдө ар кандай ийримдерде, иш-чараларда бүт баарында эле мени чыгарып коюшчу, роль аткарчумун. Таятам айтып калчу, "Сен сүрөттү жакшы тартасың, сени сүрөткө окутам" деп. Негизи эле искусство чөйрөсүндө чоңойдум. Сүрөттү колдон келишинче жакшы тарткандыктан ошол жакка бардым, өтпөй калгандыктан экинчи план болуп бул жакка (актёрлукка) келип калдым. Биздин үй-бүлөдө актёр, ырчы, комузчу же дагы башкасы болгон эч ким жок экен. Мен жаңылык киргиздим десем болот (күлүп).

- Катардагы көрүүчү эмес, кесипкөй актёр катары кимди кумир тутасың?

- Бала кезде Жан Клод Ван Дамм сыяктуу актёрлордун кинолорун көрүп, кумир тутуп, тышка чыгып аны туураган учурлар көп эле болгон. Бул эми бала кездеги жакшы көрүүлөр болуптур да, бул жакка келип, профессионализм эмне экенин, актёрлук деген эмне экенин окуп, түшүнүп, өзүң изилдеген соң, мурдагы кумир тутуп жүргөндөрдүн кинолорун азыр көрсөң андагы актёрлук каталарды байкайсың. Бирок ушул убакка чейин эч танбайм, Сүймөнкул Чокморовдун кинолорун көргөндөн тажабайм. Анда актёрлук образ, актёрлук көз караш, линия, экинчи план бүт баары өз ордунда. Анын кинолорун көрүп өзүмө көп сабак алам. Эгерде адам сенден чеберчилиги, билими менен өйдөрөөк турса, сен ошол адамды баалайсың. Бул таза чыгармачылык жактан. Ал эми адамгерчилик жактан баалаган, ушул актёрдой болсом, ушул кишидей болсом деп үлгү алган адамдар көп.

d4c62da299d233a7a24205298755db39

                            Сүрөттө Сүймөнкул Чокморов.

- Роль аткарып жатканда кыйынчылыктар болобу?

- Болот. Киного фактурага, жашыңа, келбетиңе карап тартышат. Театрда андай эмес. Мен театрда жүргөндө 50 жаштагы аракеч кишинин ролун ойнодум, жаш балдардын ролун ойносуң... ар биринин өзүнүн кыйынчылыгы бар, ар биринде ар башка образга киришиң керек. Мисалы, мен туруп эле сизди аткарышым керек болот, сиздин кулк-мүнөзүңүздү, сүйлөгөндү, басканыңызды... Ар бир образ, ар бир роль өзүнчө кыйын.

Театр тар көз карашта, кино кенен. Кинодо бир ойносоң, ошол түбөлүккө калат, ал эми театрда биринчи күнү 100 кишиге бир ойнойсоң, экинчи күнү башкачараак ойноп калышың мүмкүн, ал адамдын энергиясына, адамдын маанайына жараша болот. Кээде маанай жокто ошондой кылып ойногонго аракет кыласың, бирок негедир окшошпойт. Кинодо деле кыйын, бирок театрда кичине татаалыраак дейт элем.

- Биринчи тартылган тасма «Миң бир түнбү»?

- Ооба, «Миң бир түн» менин биринчи кином. Анан «Мегатойго» тартылдым. Сценарийди («Миң бир түндүн») окуп көрсөм өтө жакшы экен. Назима Жолдубаева эже чыгарманы сонун жазыптыр. Мен токтобостон макул болдум, анан тартыла баштадык. Тасманын аягында мен эмне болуп өлүп калганым көбүнө түшүнүксүз болуп калыптыр. Негизи тасма боюнча мен жүрөгү оорукчан болом, аягында аялым Малика мага таарынып төркүнүнө кетип калат эмеспи, мен ошого катуу ойлонуп, жүрөгүм кармап калган болот, ошентип ооруканага түшүп калам. Ушул жерлери тартылган, бирок монтаждаганда эмнегедир кошулбай калыптыр. Бул эми режиссердун иши. Бизге кандай тапшырма берилсе ошону ойноп беребиз. Биз актерлук гана милдетибизди билишибиз керек. Эгерде дагы эле "иниси каякка кетти, эмне болуп ооруп калды" деген суроолорго жооп издегендер болсо тасма анын негизинде тартылган «Жаз жамгыры» (автору Назима Жолдубаева) деген китеп бар ошону окууну сунуштайт элем.

«Миң бир түн» тасмасынын трейлери

«Мегатойго» биринчи кинодон кийин эле дароо сунуш түштү. «Миң бир түндө» олуттуу соттун ролун аткарсам, мында сценарийди окусам жоош, эч нерсе менен иши жок жигиттин ролун ойношум керек экен. Тасманын сценарийи мага жакты, экинчиден өзүмдү да сынап көрөйүн дедим, себеби эки образ эки башкача болчу, ошону ача алат болду бекем дедим. Бирок албетте, элдин сынына коебуз, элге көбүрөөк байкалат да. 

«Миң бир түн» тасмасынан кадр

1

«Мегатой» тасмасын тартуу учуру

- Көчөдөн элдер таанып калып жатышабы?

- Көп деле таанышпайт. Кээ бирөө карап туруп, «Миң бир түндө» сен ойнодуң беле?» деп сурашат, ооба мен десең, «Мегатойдо» да сен ойноптурсуң ээ?» деп таанып калышат.

- Кинолорго дагы сунуштар түшүп жатабы?

- Ооба. Бирок азыр театрда кичине убакыт тар болууда. Эртеден кечке ушул жактабыз. Жумуш саат 10до башталат, кечки 8ге чейин. Сезон ачылгыча бир күн кечке репетициялар болуп жатат. 4-октябрда сезон ачылат, ошону менен 1, 2 ай спектакль коебуз.

14222239_1766431843637433_1660728558574275211_n Анын үстүнө жакшы сценарийлер жок болуп жатат. Алгач сценарийди окуп көрөсүң да, эгер сценарий жакса, анда ага токтоосуз макул болосуң, жакпаса кичине кыйыласың, ошол жагы бар. Ага катар, кинону ким тартып жатат, ошого да карайбыз, режиссеру ким, оператору ким. Анткени баарына эле макул боло берсең, ар кандай нерселерди тарта беришет.

Акыркы убактарда тарыхый тасмалар көбүрөөк кызыктыра баштады. Ошондой тарыхый тасмада бир роль жаратсам деген оюм, тилегим бар. Бирок, азырынча андай сунуштар жок, Кудай буйруп, келип калса ошого макул болом го.

- Жакында фестивалга аттанганы турасыңар. Даярдыктар кандай жүрүп жатат?

- Жакшы, азыр эле репетициядан чыктым. Кудай буюрса, 15-октябрда Лондонго учуп кетебиз. Ал жакта эл аралык фестивалга Султан Раевдин «Суфлер» спектакли менен катышабыз. Борбор Азиядан биз эле (Кыргызстан) кетип жатабыз. Анткени Лондондон атайын өкүлчүлүктөр келип, спектаклдерди көрүп кетишкен, кийин биздин спектаклди тандашыптыр. Азыр кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Колдон келишинче демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Маданият министрлигинен жардам беребиз деген, бирок алар да көчмөндөрдү (II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары) өткөрүп, бир аз кыйналып жатышат. Султан байке (Раев) өзү каржылап, акча издөөдө. Буюрса, 18-октябрда спектаклди ойноп чыгабыз. Ал жактан Шекспирдин театрында ойнойт экенбиз, бул биз үчүн чоң сыймык. Биз өзүбүздүн чыгуубуз жакындаганга ылайыктап барганы жатабыз. 20сында жабылышы болот, ошондо жеңүүчүсү аныкталат, орундар берилет.

IMG-20160925-WA0000

- Тасмаларыңда дайыма жаңы үйлөнгөн жигиттин ролун аткарасың, чыныгы турмушта качан деп пландап жатасың?

- Азыр менин сүйлөшкөн кызым жок. Үйлөнөм деп ойлоп жатам, дагы 1-2 жылдан кийин... Ага чейин бир аз өзүмдүн жолумду бир жолу бир нукка салып алайын, анан үйлөнөйүн деген оюм бар.

- «Жагып калдың» деп сезимин билдирген кыздар четтен чыгып жаткандыр...

- Ооба, бар андайлар, алардын баарына көңүлүн калтырбайын деп жооп берип коесуң. Бирок азырынча өзүбүздүн көңүлүбүзгө жаккан эч ким жок.

- Болочоктогу жубайыңды өзүңдүн эле чөйрөңдөн тандайсыңбы?

- Биздин чөйрөдөнбү, же такыр башка чөйрөдөнбү айырмасы жок. Эгер мен аны чындап жакшы көрүп калсам, катуу сүйсөм, ал жагына деле карабайм.

- Жашоодогу девизиң?

- Жашоодо мен ойлогон нерселер көп, бирок бир нерсени көбүрөөк колдоном: «өткөндү билбей туруп келечектеги максатыңды билүүгө мүмкүн эмес». Барган сайын өзүңдү ким экениңди өзүңө өзүң эстетип айтып турсаң, ошондо ишиң жылса керек. Ал эми иш жүзүнө келгенде: «баштадыңбы аягына чык, көзүң жетпейби, анда аралашпа» деген девизди таянам. Бул менин жеке оюм.

IMG-20160925-WA0003

- Өзүңдү баймын деп эсептейсиңби?

- Кудайга шүгүр... Анткени биз окуп жүргөндө көп китептерди окутуп коюптур. Негизи адам дайыма окуп турушу керек деп ойлойм. Канчалык көп окусаң, сахнада ошончолук кереги тиет.

- Китептен көп нерсе алдым дечи...

- Мен башында жакшы сүйлөй алчу эмесмин, оюмду толук түшүндүрө албай эле кыйнала берчүмүн. 11-класста адабият сабагынан мамлекеттик сынак тапшырууга туура келип калды, ошондо Касымаалы Жантөшевдин «Каныбек» романынын 2 томун тең окуп, ошондон баштап сүйлөө байлыгым көбөйө баштады. Оюмду толук айтканга, толук сүйлөгөнгө, адамдар менен жакшыраак сүйлөшкөнгө үйрөндүм. Кийин 1-курска келгенимде бул жактан да окута баштады.

4-курсумда Софоклду окуп калдым, мурда билчү эмес экенмин. Анын чыгармалары чындыгында күчтүү экен. Театр дүйнөсү жаралгандан баштап Софоклду трагедиянын атасы дейт. Софоклдун бир чыгармасы жагып калып, 5-курсумда дипломдук ишимди ошондон жактагам, ал «Царь Эдип» деген чыгармасы болчу. Анткени бул аябагандай күчтүү, бир жолу ойноп жатып өзүм эсимди жоготконго чейин баргам.

- Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?

- Көп деле бош убактым болбойт. Болуп калса досторум менен жолугуп, сырдашабыз. Анан албетте, спорт менен машыгам, чогулуп волейбол ойнойбуз.

- Маегиңе рахмат! Фестивалга ийгиликтүү барып келгиле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13805
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Rita77
14:22, 29 сентября 2016
Нуржаасын деп атынды жакшы коюшуптур, атына затын жарашып ардайым нурлуу жигит бол, бактылуу бол. Ролдорду жакшы аткаргансын. Анан аргандай нерселерди суйлой бергендерге конул бурбай эле кой. Сен келечекте кыргыздын мыкты актерлорунун бири болосун деп ишенем. ийгилик сага.
аватар
T-guljan
18:14, 27 сентября 2016
Азаматсың! Жакшы суйлоп берипсин тилегин орундалсын. Кинолорунду коргом, жакшы тартылгансын.
Көп окулду
×