Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Күндүн нуру эркектердин сексуалдык активдүүлүгүн жогорулатат

Turmush -  Европадагы нейропсихофармакологиялык конгресс университетинин окумуштуулары күндүн нуру эркектик потенцияны (бир нерсеге жөндөмдүүлүк, жарамдуулук) жана сексуалдык активдүүлүктү күчөтүү менен тестостерондун (эркектин негизги жыныстык гормону) деңгээлин жогорулатарын аныкташты.

Адистер, ден соолугунда жыныстык катнашка кызыгуусу жоголуу менен мүнөздөлгөн бузулуулар аныкталган 38 эркекке изилдөө жүргүзүшкөн. Сыноо башталганга чейин алардагы либидо (каршы жыныстагы адамга карата сексуалдык каалоо) менен тестостерондун базалык деңгээлин ченешип, аларды эки тайпага бөлүшкөн. Биринчи тайпадагылар уйкудан ойгоноор замат интенсивдүүлүгү 10,000 лк менен ак флюротүстүү жарыктан 30 мүнөттүк «чайынманы», ал эми экинчи тайпа азыраак жарыктуу плацебо (өзүн өзү ишендирүү менен натыйжага жетүү) алышкан.

«Түндүк жарым шардын жашоочуларынын тестостерон өндүрүшү ноябрдан апрелге чейин табигый өңүттө азаят, андан кийин жаз айыларында акырындык менен жогорулап отуруп, жайында өзүнүн туу чокусуна жетет. Жылдын күндүү мезгилин имитациялоо чынында жыныстык жашоодо чоң ролду ойнойт: өзүңөр деле байкасаңар, баарынан көп репродуктивдүүлүк июнь-июлда болот», - деп белгилейт жетектөөчү окумуштуу жана иликтөөнүн автору Андреа Фаджиолини.

Адистердин айтымында, жарык менен дарылоо антидепрессанттар же дүүлүктүрүүчү химиялык инъекцияларга караганда көбүрөөк натыйжа берет. Мындай терапия жыныстык ар кандай көйгөйлөрү бар эркектерге да, аялдарга да пайдасын гана тийгизет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6143
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 13 адам окуп жатат)
×