При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 30-апрель

Кыргыз киносунда 75 жылдык тарых жаңыланды: «Атанын керээзи» - «А» класстагы Эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүсү болду (маек)

Turmush -  Тасма өтө маанилүү теманы козгойт — кыргыздардын бтүндөй жер жүзүнө тарап кетүү темасын. Кыргыздар азыр Америкада, Россияда, Канадада, Италияда жана башка көптөгөн шаарларда жашашат. Ыңгайлуу жана жакшы жашоого көнүп алышкан жана көптөрү Мекенине кайткылары келбейт. Аз эл үчүн — бул жоголуп кетүү трагедиясынын башталышы.

«Атанын керээзи» тасмасынын дүйнөлүк бет ачары ушул жылдын 31-августунда Монреалда өттү. Ага удаа кыргыз көркөм тасмасы Канаданын, Италия, Франциянын өкүлдөрүнөн турган калыстардын чечими менен «А» класстагы Эл аралык кинофестивалдын башкы байгесин — «Алтын Зенитти» жеңип алды.

Монреалдагы «Дебюттук фильмдердин» эл аралык конкурсуна катышууга дүйнө жүзүнөн миңден ашык кинотасмалар түшүп, кинофестивалды уюштуруучулар 60тай тасманы тандап алышкан.

Аталган фильмдин авторлорунун бири Бакыт Мукул менен болгон маегибизде тасманын жаралуу идеясы, тартылышы жана автор өзү айткандай, уктап жатып кантип алтын утуп алганы жөнүндө айтып берди.

- «Атанын керээзи» сиздин алгачкы тарткан тасмаңызбы?

- Ооба, алгачкы тарткан тасмабыз. Мурун башка кишилер менен иштешип жургонбуз: мисалы "Ак басты", "Сүйүү жазын". Эми бул алардын сценарийи, алардын ою дегендей, анда 100% сенин көз карашың жок. Мунун ("Атанын керээзи") сценарийин Дастан (Дастан Жапар уулу) экөөбүз жаздык.

- А эмнеге Дастан Жапар уулу экөөңөр? Мурун сүйлөшүлдү беле?

- Жок, мындай болуп калды: жогоруда айтып кеткен эки фильмде иштеп, биз бүтүрдүк. Мисалы, "Ак басты" чогуу бүтүрүп калдык. Көз карашыбыз бир болду. Бирок бирге сценарий жазалы деген деле ой жок болчу. Сценарий жок, бир кино тартпайлыбы деп калды, анан Темирдин (Бирназаров) "Вечная невестасын" сурап көрбөймүнбү, ошону тартпайлыбы деди. Макул, берсе тартабыз дедим. Барып сураса "Сенби?" деп коюптур. Ал жактан мени ушинтти деп келди. "Коркпо, жазабыз" дедим. Ошентип кино күтүп жүрүп эле жай айларында, "Бакыт байке, сценарий жазалы" деп калыптыр. Эмнени жазабыз экөөбүз деп жүрсөк окуя табылбайт. Же акчабыз жок болсо, же сценарийибиз жок болсо эмнени тартабыз десем, "Акча кетирбеген бир нерсе ойлоп таппайлыбы" деди. Кантип тартабыз десем, сизди эле тарта берейин, сиз ойной бериңиз дейт (күлүп). Ошо менен тамаша бүтүп, 2-3 күндөн кийин кайра келип, "Бакыт байке, чын эле кино тарталы" деди. Анда бир идея табалычы, бир нерсе айтчы, ошонун үстүндө анализ кылабыз десем эле, 6 күндөн кийин кайра келип, "Бир киши келсе шаардан, же болбосо бир жактан. Келсе, үйү талкаланган, түшүнүксүз киши, жалгыз келип алып эле ар кайсы жакты карап жүрөт, өзүнүн жерине суктанып, ностальгияда... Анан ойлонуп отурат..." деди. Кел, ушул жөнүндө ойлонолу деп анан иштей баштадык. Аны чоң адам кылбай эле, 25 жаштагы жаш жигит кылдык. Эпизоддорду таап иштеп отуруп, чоң масштабга өтүп кеттик.

- Ошондо тасманын идеясы миграция көйгөйүбү?

- Кыргыз эли бүгүн өзүнүн туулган жерин таштап кетип жатат, баары эле чет мамлекеттерге кетип келбей, ошол жерден өлүп калып жатат. Кыргыз ушинтип атса көбөйөбүзбү? Салт-санаабызды кармаган киши жок, кароосуз калган үйлөр көбөйүүдө. Мына ушул темага кирип кеттик, анан ошону жаздык.

- Демек, сценарийди экөөңөр жазган экенсиңер да?

- Ооба, алмак-салмак иштеп жаттык. Кой эми мынча болду, тарталы деп акча издей баштадык. Бир жагынан келинчегим "Иштебейсиңби, акча таппайсыңбы" деп чыкты. Мага тийишпегилечи, мен бир иш кылып алайын, менден акча сурабагыла, мени бошоткула дедим. Тамадалыкты да, концертти да таштадым. Ошентип акча издей баштадык, жада калса унаабызга бензин куйганга акчабыз жок калды.

- Сценарийди канча убакытта жаздыңар?

- 1,5 ай басып эле жүрө бердик, жазган жокпуз. Сүйлөшө бердик, сүйлөшө бердик, варианттарды караштыра бердик. Анан отуруп жазып чыктык.

Акча издедик. Мен кыйын деген кыргыздардан эчтеке чыкпай койду. "Макул, макул" эле дешет, эчтеке жок. Раскадровка (кадр түрүндө) кылып, панорамасынан өйдө сүрөткө бүт өзүбүз тартып, даярдап койдук. Бирок акча издеп таппай жаттык.

Мурдагы жылы шаарда июнь-июль айларында күн катуу ысыды. Шаарда экөөбүз эле (Дастан) калыптырбыз. Же кеңсебиз жок, ар кайсы бактардын түбүнө барып отурабыз, ооруканалардын бактарына киребиз. Жаш Гвардия бульварына барабыз, ушинтип айланып басып жүрдүк. Ошентип шаарда биз, анан айылда туугандары жоктор, орусча сүйлөгөндөр жана ит жетелеген абышка-кемпирлер калды. Калгандары көлгө, айылдарына кетип калышты. Аябай кыйналдык, акчабыз жок... Акча таап иштейин десең баягы абалдан (киного берилүү) чыгып кетесиң. Үйдөгүлөр да тийишкен жок, үйгө барып чай ичебиз, жатабыз, ошентип жүрдүк. Бир куну киностудиядан Талип байкеге (академик, сценарист Талип Ибраимов) жолугуп калдык. Бул киши аябай "грубый" киши болчу, анча-мынча кишини жактырбайт эле, мени жаман көрчү. Өтүп баратып саламдашсаң "Ии, гений кандай?!" дей берчү. Атүгүл алдынан чыккандан заарканчумун.

- А эмнеге "гений" дечү эле?

- Билбейм, бирок ушинте берчү. "Белгисиз маршрутта" жалаң артисттер ойногондо "сахнанын шоумендери эмне роль ойношот, кыйын болуп калган турбайбы генийлер" деп айтышыптыр, ошондон кийин жаман көрчү го мени (тамашалап).

Бир күнү эртең менен киностудиядан чыгып баратсам, тышта отуруптур. "Ассалому алейкум!" десем, баягысындай эле, "Ии, гений, кандай?!" деп калды. Анан мен жиним келип: "Эмне ары өтсө, бери өтсө деле "гений, гений" дейсиң, мен сага тийишип атамбы?" десем, "Эмне гений деген жаманбы?" деди. Анан улуу кишиден уялат экенсиң, катуу айтып алдым окшойт деп, "Байке, же бир шүмшүк кишисиз, же бир жакшы кишисиз" десем, "Балким, балким" дейт. Ошондо сценарий жөнүндө айттым. "Дастан экөөбүз бир сценарий жаздык эле. Ошону окуп бербейсизби?" десем, "Эмне 800 баракпы?" дейт. "800 барактан жазып жүрчү белеңиз?!" деп кайра уруша кеттик. "Алып кел эми, 50-60 барак болсо окуп коебуз" деди.

Ал күн ишемби болчу. Дүйшөмбү күнү киностудияга барсак эле, ал жерде директору, администрациялар бүт чогулуп алышыптыр. Талип байке: "Мына сценарий дегенди ушундай жазат, могу экөө жазып коюптур, мен 35 жылдан бери жаза албай жүрсөм, булар жазып коюшуптур" деди. Бизди чакырып: "бул эмне болгон окуябы" деп сурады. "Жок ойлоп табылган, өзүбүз ойлоп таап жазганбыз" десем, "Мына сага, мына сценарий деп ушуну айтат, кел, муну көркөм кеңешке салып, өндүрүшкө бериш керек" деди. Анан көркөм кеңеш 15-20 күндөй окушту. Окуп бүтүп чогулушту, биз да жактап коелу, түшүнбөгөн жерлерин айталы деп келдик. Келсек эле, "Кана, кимиңер сөз байштайсыңар?" деп калышты. Бекболот байке (режиссер Бекболот Айдаралиев): "Мен балдарды куттуктай берейин. Кино көргөндөй эле болдум. Биринчи жолу кино көрдүм. Болбосо "литературный" кылып алып келишет, аңгеме кылып. А бул жерде даяр сценарий" деп куттуктай баштады. Калгандары кошулуп кетти. Анан Талип байке: "Мага да аябай жакты, силерге кандай жагар экен деп карап турсам силерге да жагыптыр" деди. Бекболот байке: "Өмүрүмдө ушул Кыргызстудиясында сыны жок, каяшасы жок биринчи сценарий өттү, болбосо "кайра жазып кел, оңдоп кел" деп кайтарыла берчү. Анан 2-3өө кошулуп атып, колтукташып, чай берип атып өтчү" деди. Тартканга уруксат беришти. Бирок, режиссердун баары каршы чыгып: "Бакыттын режиссерлук диплому жок, билими жок, бул актер" дешти. Кээ бирлери: "Мен 50-60ка чыккыча кино ала элекмин. Ушинтип режиссерлук билими жок адамдарга бере берсек Кыргызфильм өсөбү?" деп, көп нааразычылыктар болду.

- Алар акы төлөп сценарийди алышмак да, туурабы?

- Сценарий жакшы экенин баары угушуптур, же окушса керек. Талип байке, сценарийди Темир Бирназаровго же Актан Арым Кубатка бербейсиңерби деп калды. Биз: "Өзүбүз тартабыз" деп болбой койдук, анан эксперттик кеңеш уюштурушту. Ал учурдагы министр Алтынбек Максүтов, сценарий жакшы экен деп Бектеналиевге кайрылды: "Жардам берип коюнузчу, жакшы экен, булар тартат, тартышсын" деди.

Эксперттик кеңеш кайра баштан карап чыгып, сценарийге "5", режиссерлорго "2" деген баа коюшту. Аягында 50-50% кылалы деп колдоп, 2 млн сом берип, жарымын өзүңөр табасыңар дешти.

- Калган акчаны кайдан таптыңар?

- Мен бизнесмен, мен кыйын, чиновник дегендин баарына бардык, бизге макул болбой коюшту, бирок "частный, любительский" кинолорго берип атышты. Бизге бир тыйын жок. Бир күнү Агропромдун жанында отурсам бир байке да отуруптур, учурашып, сүйлөшүп калдык. Ал: "Чыгармачылыкта эмне болуп жатат? Эмне кылып жатасың?" деп сурап калды. Бир сценарий жазып алып, кино тарталы десек акча таппай жатабыз десем, эмне болгон сценарий экенин сурады. "Союз таркап кеткенден берки кыргыздын жашоосунун "результатын" тарталы дедик эле" десем, "Результаты" эмне экен?" деп кайра сурады. "Результаты" кыргыз көбөйбөй жатат, ар кайсы жакка кетип өлүп, ата-тегинин аты өчүп, салтты билбей калып жатат, бүт эле башкача болуп калдык дегендей айттым. "Жакшы экен, менин акчам жок, бирок акчалуу кишилерден карап көрөйүнчү, берчи телефонуңду" деп жазып алды. Акыры ошол киши акча таап берди, Орунбек деген байке. Ал Афган согушунун ардагери экен. Бул окуя 2014-жылы болуп, ал 2015-жылы кыргыз-түрк фирмасын ачты. Ошентип отуруп былтыр күзүндө акча таап берди. Бирок, ошол 4 млн сом деле жетпейт экен. Азыр аз бюджеттүү кинону 7 млн сомго чейин тартып жатышат. Анан биз өзүбүздү көрсөтмөйүнчө бизге акча бербейт экен деп туугандардын баарын тыттык. 5 миң, 10 миң, 30 миң, 40 миңден алып жатып, туугандын баары азыр "Бакыт качан акча берет?" деп отурат. Бир да туугандан калтырбай акча алдым, Дастан да ошентти. Анан декабрь айында тартуу иштерине чыктык. Ошондо да жүрөк ооруй баштады. Ага чейин 3 ай сценарийге кетти, 1,5 жылдай акча издедик.

Ошону менен декабрдын 10унда тартуу иштери башталды. Тартууну кар жок жерден башташ керек болду, караштырып көрүп, Тосорду таптык. Барсак бир жалбырак жок. Бирок окуянын абалына жаратылыш ойдогудай болду. Тартуучу аянтты издегенге акча жоктон бир эле күнгө бардык.

Бизге жардам берсин деп ардагерлерден (кино жаатындагы) алдык. Картинанын директору кылып Зейне эжени (Касманкулова), экинчи режиссер кылып Турсун байкени (Үсөнов), операторлукка Акжолду (Бекболотов) алдык. Дастан экөөбүз режиссерлук кылмай болдук. Ошентип тартуу башталды. Башталганда Дастан 6-7 күн оператор болду. Акжол болсо кыска метраждуу кинолордун фестивалы башталып калып ал жакта калып калды.

Баштаарда Зейна эже: "Мен оңой менен кишиге макул болчу эмес элем, эмнегедир макул болуп ийдим. Мен ылдам макул болгон кино жакшы чыкчу эле. Мен 28 жашымдан бери иштейм (азыр 70ке чыгып калды), эми картайган кемпир болсом, анан киного иштеп бер десе эле макул болуп ийиптирмин. Бирок бир нерсени сезип жатам, ушул кино жакшы болот окшойт", - деди. Ортодо "Кыргызфильмдин" директору да шектенип, "Жазган оңой, тартканда башка болуп калат, силерге оңой көрүнүп жатат", - деди.

Талип байке: "Жакшы сценарийди бузуп албасаңар болду балдар, мен барып турам", - деди.

Ошентип тартуу иштерин баштадык.

IMG_2624

IMG_2720

IMG_2805

IMG_7676


IMG_3129

IMG_7674

IMG_8434

Биринчи режиссерлук кылганда олутту кино да, көп киши теңине алган жок. Көбү "силерге караганда биз жакшы билебиз да" дешет жаш болсо да. "Бул жерден светти алгылачы, бул ашыкча болуп жатат" деп койсоң, "Байке, Геннадий Базаров да свет коюп тартат" дешет. "Эй, свет коюп тарта берсин, свет койбойм мен" дейм. Жарык коюлуп жатты, бирок жарык деле чындыкка жакындаштырып коюлушу керек да, свет деп эле былчылдатып кое бербей. Бирок эч кимдин жинине тийген жокпуз, биринчи кинобуз болуп жатса кыйын болбой эле коелу дедик. Ошентип кинону тартып бүттүк, анан монтаждаганга келдик.

_MG_7982

IMG_3133

- Монтажер ким болду?

- Актан Рыскелдиев монтаждады. Талип байке жумушчу монтажды көрдү да, көпкө чейин унчукпай отуруп калды. Жарык өчүк болчу, бир маалда: "Классно балдар, классно" деди, жарыкты күйгүзсөк, көзүнөн жаш чыгып кетиптир. Акырын көрсөтпөй жашын аарчыды да: "Эч бир жерин кеспегиле, кыркпагыла, ушул бойдон калтыргыла" деди. Андан кийин "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Гүлмира Керимова, өмүр бою монтажда иштеген Рая эже, анан Камчыбекова Чынара эже үчөө отуруп көрөбүз деп калышты. Анан эле Камчыбекова "Мүмкүн, профессионал монтажер алып келебиз" деди. Мен айттым: "Эмнеге эже? Болбой жатабы?" десем, Рая эже: "Сонун экен, мындай экен, могул кадрларды кеспегиле, бирок кинону (убактысын) кичине кыскарткыла" деди. Ошо менен бизди монтажды жакшы түшүнбөй жатышат дегендей ойлоп кетишти. Анан фесивалга кетирсек болот эле десек, таң калышып: "Фестивалга?! Силерби?!" дебедиби. "Ооба, биз..." дедик. Андан кийин эч кимге көрсөткүбүз келбей калды.

Талип байке менен Рая эженин "кино сонун экен" деген сөздөрү угулуп калды да, качан көрсөтөсүңөр деп жатышты. Биринчи фестивальдарга жөнөткөндө, Каннга жетишпей калдык, Венецияга жана Монреалга кетирдик. Венециядан жооп келе турган күндөн өтүп кетип, 15 күндөн кийин кат келди: "Көрүп жатабыз, карап атабыз, талаш-тартыш болуп жатат" деген. Оо, жакшы, Венецияда талаш-тартыш болуп жатса дедик. Анткени ал сынакка катышууга 3 миңден 5 миңге чейин кино түшөт экен. Дагы 5-6 күндөн кийин тандоочудан кат келди, "мага кино аябай жакты, бирок булар ким деп атат, аты жок, жыты жок, тааныбайт экенбиз. Билбейм, мен кепилдик бере албайм, өтөт же өтпөйт деп" деген. Аңгыча жүрсөк, кайра кат келди, "кечирип коюңуздар, кийин дагы иштешебиз буюрса, өтпөй калдыңар" деген. Ошону менен отуруп калдык, Монреалдан жооп күтүп. Күтүп жүрүп, Пусандагы (Корея) фестивалга өттүк. Алар «Б» класстагы кинофестиваль. Пусандан өздөрү келип, кино аябай жакты деп калышты. Пусандан дүйнөлүк бет ачаар кылбыз дешти. Аңгыча биз аларга макул болуп, бирок Монреалдан өтпөй калсак катышабыз деп жатканбыз. Аңгыча Монреалдан дебюттук программага "Өттүңөр!" деп кат келди. Сүйүнгөн жокпуз чын эле, сүйүнгөндү да унутуп калганбыз. Программаны карасак ар кайсы мамлекеттерден 23 кино кириптир. КМШ боюнча орустардыкы анан биздики эле экен.

«А» класстагы кинофесивалдан өткөндөн кийин «Б» класстагы Пусан фестивалынан баш тартып койдук.

Жооп келгенден кийин биз трейлерди көрүп чыгып, италиялыктардын, польшалыктардын тасмалары мыкты экенин көрдүк. Бирок, жок дегенде коло байгени алат экенбиз деп ишенип жаттык.

IMG_2049

IMG_2115

- Сыйлыкты алууга Монреалга ким барды?

- Бизге расмий чакыруу келип, бирок виза ачуу кечигип калды. Айта кетчү нерсе, Кыргызстандагы банктар жакшы иштебейт экен. Алгач «РСК-Банкына» эсеп ачтырып, бирок фестивалдын уюштуруучулары 7 күн бою «РСК-Банкка» телефон чалып, такыр байланыша албай коюшуптур. Биз дагы Кыргызстанда туруп 3 жолу телефон чалып, жооп ала албай койдук. Анан акчаны кайра «АКБ Кыргызстан» банкына салып эсеп ачтырып, эсепти Канадага жөнөттүк. Бирок, канадалыктар бизди алдамчылар деп чечип, атүгүл Дастан экөөбүздү 5 жылга «кара тизмеге» киргизип салыптыр.

Айлабыз кетип, Кыргызстандын Монреалдагы ардактуу консулу Александра Окунева менен 15 жылдан бери Канадада жашаган балдызым Динара Абдрахмановага кат жазып, Кыргызстандын өкүлү катары тасманын бет ачаарына катышкыла деп дайындадык.

Бул жактан бет ачаарга катышуу үчүн Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев кетти. Анын буга чейин ачылган визасы бар экен. Бет ачаарга зал толо көрүүчүлөр келишиптир, тасма бүткөн соң көрүүчүлөр көпкө чейин кол чаап турушту дейт, көптөгөн кыргыздар келишиптир, андан кийин 40 мүнөт талкуу болуптур.

Тасманын бет ачарында. А.Окунева, Д.Абдрахманова жана М.Бектеналиев.

IMG_2120

2 күндөн кийин М.Бектеналиев келе берди. Андан кийин эле кайра фестивалдан кат келип, кызыл килемден өтүүгө чакырды. Ошондо эле жүрөк сезип, бирок эч кимге айткан жокмун. Ал ортодо мен телефонумду сындырып алдым. Продюсерибиз дагы телефонун жоготуп алып, апасынын телефонун көтөрүп жүрдү. Ал эми, Дастандын телефону менин унаамда калып калыптыр. Ошентип ал жактан фестивалга катышкан А.Окунева менен Динара биз менен байланыша албай менин аялыма чалышыптыр.

Телефонду алган аялым: "Ыя, койчу, чын элеби, алтынбы?! Дикубай (балдызы Динара), рахмат сага!" деп атыптыр. Мен ордуман туруп, бөлмөгө кирсем, кучактап эле 2 жылдан бери айта элек «сары абышкам» деп эркелетип жиберди (күлүп).

Бирок, өзүң көрбөгөндөн кийин ишенбейт экенсиң. Аңгыча продюсерибиз куттуктап жетип келди. Андан кийин эптеп Дастан менен байланышып, алтын утканыбызды айтып сүйүнчүлөдүм. Дастан мага ишенбей үйнөн интернеттен окуптур.

Ошентип таңга жуук ойгонуп жатып эле алтын байгени утуп алдык.

Статуэтканы тапшыруу салтанатында Кыргызстандын өкүлү болуп А.Окунева жана Д.Абдрахманова катышты.

IMG_2390

IMG_2436

IMG_2429

IMG_2467

99375.3c52b6299b1e646fe778e499543ac44d.500

- Тасма тууралуу бир-эки ооз сөз...

- Бул тасмада бир эле Кыргызстан үчүн эмес, жалпы адам баласына тиешелүү көйгөй камтылган. Азыр миграция дүйнөгө жайылды. Тасмадагы дагы бир маанилүү деталь - мурун кыргыздар үйүн бекитпей, эшигин жип менен байлап коюп кете берген. Кайра келип ачса буюмдары ошол бойдон турган болот. Бирок, азыр элдин психологиясы такыр башка.

Мен бала кезде чоң апам менен Нарынга барганда үйдүн эшигин жип менен эле байлап койчубуз. Ушуну эл көрсүн, кыргыздарда ушундай ууру жок экен деп таанысын дедик.

Тасманын башкы каарманы — Америкада өскөн кыргыз жигити. Ал атасы менен өлкөсүнөн 15 жыл мурун чыгып кеткен. Анын атасы СССР тараган учурда элди алдап акча чогултуп алып, көп суммада карыз болуп, акыры качып кеткен болот. Уулун Америкадан чоңойтуп, башка тарбия бергени менен кыргыз эли өзгөчө эл экенин, меймандостугун, пейилинин кенендигин дайыма айтып турган. Өлөөрүндө дагы сөөгүм Кыргызстанга коюлса деген керээзин айтып, бирок бөтөн жерде көз жумат.

Уулу 15 жылдан кийин Кыргызстандагы үйүнө кайтып келип, атасынын илгерки карыздарын төлөп берет.

Карызын көп жылдан кийин кайтарып алган жердешинин бири баш каарманды урушуп кирет. Бирок, акчасын берип кетип бара жаткан баланы кайра чакырып, дасторкон жазып, жок дегенде даам ооз тий деп сыйлайт. Ал ортодо уулу атасы тууралуу сурайт. Алдап кеткенде «алдамчы» атап жүргөн жердештери, уулуна анын жакшы жактарын гана айтып берип, макташат.

Баш каарман ижарага алып айдап келген унаасы менен райондун борборуна бара жатып, жол тосуп турган 3 кыргыз кыз-келинди ала кетет. Жолдон ал кыздар чет өлкөгө мигрант болуп кетип бара жатканын билип, алардын кайгысына күбө болот. Көрсө, кыргыздар дагы эле чет жерге агылып жатыптыр...

- Башкы каарман кантип тандалды?

- Башкы каармандын образына чет өлкөнүн жашоосун көргөн, башкача жүрүм-туруму бар жигит издеп, кастинг өткөрдүк. Бирок, бүт эле Кыргызстанда жашаган балдар келип жатты. Аңгыча Дастан башкы каарманга Ленинграддагы А.Я.Ваганова атындагы орус балет академиясын жаңы бүтүп келген уулум Иманды сунуштап калды. Алгач мен каршы болдум, Иман дагы каршы чыкты. Акыры аны көндүрүп, өзгөчө образга кирип даярдана баштады.

IMG_3382

A Father's will. screenshot 23

Тасмадагы башка каармандар кастинг аркылуу тандалып, таталыраак деп эсептелген ролду — башкы каармандын аталаш агасынын эпизоддук ролун кыйналсам дагы өзүм аткарайын деп чечтим.

75 жылдан берки тарых жаңыланды

«Атанын керээзи» тасмасы Монреалда «А» класстагы Эл аралык кинофестивалдын башкы байгесин — «Алтын Зенитти» алуу менен Кыргызстандын кино тармагында 75 жылдын аралыгынан берки боло элек тарыхты жаңылады.

Фильмдин чакан премьерасы үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында Бишкекте өтүүчү «Үмүт» жаштар киносу форумунун алкагында пландалууда. Ал эми кеңири алкактагы улуттук премьеранын так датасы аныктала элек.

Тасмадан кадрлар:

A Father's will. screenshot 9

A Father's will. screenshot 17

A Father's will. screenshot 28

A Father's will_4

A Father's will_3f

IMG_8496

A Father's will_5

Тартуучу топ:

Bakyt Mukul - Director Dastan Zhapar uulu - Director

Ermek Mukul - Producer Kerimova_Gulmira - Producer

Talantbek Tolobekov - Producer

Сүрөттө: директорлор - Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу, продюсерлер - Эрмек Мукул, Гүлмира Керимова, Талантбек Төлөбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3337
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×