При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айсулуу Тыныбекова: Казакстан азыркыга чейин өзүнө чакыруусун токтото элек (маек)

Turmush -  «Жакшынын шарапаты» болуп атактуу спортчу кыз менен ырчы Сыймык Бейшекеевдин концертинен жолуктум. Концерттен соң Айсулуу бир сааттан ашык убакыт күйөрмандарынын курчоосунан бошогон жок. Миллиондогон элдин сыйына арзыган Айсулуунун бир да адамдын көңүлүн калтырбаган жумшактыгы, ар бир күйөрманы менен берилип сүрөткө түшкөн жөнөкөйлүгү таң калычтуу да, кубанычтуу да болду. «Мен кечээ кандай болсом, бүгүн да ошондоймун, эртең да ошол бойдон калам», - деп жылмайган жароокер кыз суроолорго кызыктуу жооп бергенге аракет кылып жатты.

– Кутман кеч, Айсулуу, эл сени менен сүрөткө түшүүгө ашыгып жатса, сен апаңды жаныңдан чыгаргың келбей жатты. Сагынычың тарай элек окшойт?

– Ооба, апамды баарынан көп сагынам. Бир туугандарымдын ичинен ата-энемден алыс жүргөн жалгыз менмин. Дайыма эле апамдын жанында жүргүм келет, бирок тандаган тармагым ага жол бербейт. Эс алууга убакыт бөлүнөрү менен эч нерсеге карабай апама шашып жөнөйм. Андай мүмкүнчүлүк болбой сагынычым артканда ыңгайга карап жаныма чакырып алам. Келгенден бери деле жакындарым менен жай отургандай болбой атам. Азыраак тыныгуу учурунан пайдаланып ден соолугума карап, асма ийне алдым.

– Ден соолугуң жакшыбы анан?

– Кудайга шүгүр, баары жакшы. Спортто майда-чүйдө кокустуктар боло берет. Алардын ар бирине арызданып олтурсаң, максатка жете албайсың. Алладан гана ден соолук сурап, эки айда бир ички органдарымды, башымды текшертип толук медициналык текшерүүдөн өтүп турам. Минтпесе майда жарааттар топтоло берип кийин чоң оору пайда кылышы мүмкүн. Спорттун өзү ушундай сактыкты талап кылат.

– Болуп өткөн дүйнөлүк Олимпиададагы индиялык кыз менен болгон акыркы беттеште бир жериңди катуу кокустатып алгандай жүзүң абдан аянычтуу көрүндү...

– Ушундай чоң беттештен утулуп жаткан адамдын жүзү жагымдуу болмок беле анан. Анда менин денем эмес, жан дүйнөм ооруду, ыза болдум.

IMG_5007 – Ошол маалда бүт Кыргызстан көзүнө жаш алды. Бул маалда үй-бүлөң андан да жаман акыбалда болгон болсо керек?

– Ооба, ошондой болгонун мен сезип-туюп эле аттым. Бирок мага аларын билдирбегенге аракет кылышты. Өзүм ызаланып, ыйлап атсам кошулуп ыйлашпайт да. Үй-бүлөм мени дайыма колдоп, кандай учур болбосун, мага шык берип турушат. Жанына жеткенге чейин апамдын маанайы бузулганын, мен үчүн ыйлаганын ойлоп капа болуп аттым.

– Мелдеш учурунда атаандашыңа жаракат келтирип албайын деген аёо болобу?

– Спортто «атаандашың алсыз экенин билсең да аны менен күчтүү болуп күрөш. Болбосо ошол алсыз атаандаш сени чаап салат» делет. Андыктан ар бир беттешке аянбай да, аябай да чыгам. Мен ал кызга ошол килем үстүндө гана атаандаш болуп, ошол маалда гана ага каршы ыкмаларды колдоном. Килемден тышкаркы маалда спортчу кесиптешим катары сый менен мамиле кылам. Спортто «грязная борьба» деген бар, бул спортчунун күчүн жаман иштерге колдонгону. Мен эч качан бул нерсеге барбайм.

– Аркалаган тармагыңа ылайык өзүңдү катуу көзөмөлдөсөң керек?

– Спортчулар гана эмес, ар бир адам жашоосуна анализ кылып, өзүн тартипке салып туруш керек деп ойлойм. Мен 1-классымдан берки жашоомо анализ жасап, кылган иштеримди көзөмөлдөп келем. Андагы ыкмам – күндөлүк жазуу. Ойлонуп артыкчылык, кемчиликтеримдин баарын жазып турам. Орус мектепти аяктаганга го, ойлорумду дайыма орус тилинде жазам. Ошондо ойлорум жеңил, толук жана даана түшөт. Өзүм менен өзүм сүйлөшкөндө да орус тилин пайдаланам.

– Ыр да жазат экенсиң...

– Эми ал - балалыктагы, өтүп кеткен иш. Азыр күндөлүк жазууга гана убакыт табам.

– Үй жумуштарыначы?

– 2010-жылдан бери андай иштерди жыйыштырып койгом. Анткени менин андан улуу, андан бийик максатым бар. Андыктан майда иштерди кылбай калдым деп кыжалаттанбайм деле. Бирок спортту толук тандап кеткен ошол жылга чейин мендей оокат кылгандар чанда болсо керек. Энергиясы ашып-ташып турган кыз болчумун. Эшиктин да, үйдүн да ишин кылып, талаа иштерине чейин жасап келип да чарчачу эмесмин. Бүт жумуштарды бүтүргөндөн кийин кечинде көчөнү чаңытып ойногонго да жетишчүмүн.

– Көп суммадагы акча менен башка мамлекетке чакыруу болсо, сенин жообуң кандай болот?

– Андай сунуштар башынан эле болуп келет. Айрыкча Казакстан азыркыга чейин өзүнө чакыруусун токтото элек. А мен кичинекей кезимден акчаны арткы орундарга коюп келем. Намыскөй кызмын, укмуш чоң сумма сунушталса да бир гана “жок” деген жооп айтам. Мен үчүн элимдин мага арткан ишеничи артык. Кудайга шүгүр, биздин мамлекеттин камсыздоосу да жаман эмес. Куру койгон жок. Мага канча мүмкүнчүлүк берилсе, анын ар биринде Кыргызстандын желегин желбиретүүгө аракет кыла берем.

– Алган сыйлык акчаларыңды эмнеге жумшайсың?

– Бардык спортчуларга жыл бою кылган эмгегине жараша сыйлыктары чогултулуп жылдын аягында бир берилет. Суммасы ар кандай болушу мүмкүн. Менин сыйлык акчаларымды баарына жете тургандай кылып машыктыруучум бөлүштүрөт.

– Эми аялзатына тийиштүү суроолорго өтсөк. Сени эл дайыма күрөш учурунда, спорттук кийим менен кабыл алып көнүп калган. Гардеробуңда канча көйнөк, канча бийик такалуу бут кийим бар?

– Кичинемде апам сонун көйнөктөрдү сатып берип куурчактай кылып кийинтип койчу. Ошого болсо керек, бийик такалуу бут кийимдерге, көйнөктөргө бала кезимден жакынмын. Мен чоңойгон сайын апам: «Айсулуумдун мүчөсү сындуу, буттары узун, түз. Буюрса, модель болот», - дечү. Окуучу кезде бийик бут кийимди көп кийгеним үчүн урушту көп укчумун. Бийик такалуу бут кийимдерим көп, айрымдары бир-эки жолу эле кийилген. Жай таман бут кийим кийсем бутум түйүлө берет. Ошондуктан эң жапыз дегенинин да 2-3 сантиметр такасы болот. Ал эми көйнөктөргө келсем, мага жаккан көйнөк чыкса эч ойлонбой, баасына да карабай сатып алам. Алып жатканда “муну кайда, качан кием” деп да ойлонбойм. Башкысы ал мага жактыбы, жараштыбы, демек, гардеробумда турушу керек. Чет мамлекеттерден көйнөк алмайынча келбейм.

– Сулуулук салондоруна каттайсыңбы?1024664733

– Керек учурда сөзсүз барам. Анан жыл мезгилдери алмашкан учурларда өзүмдү өзгөрткүм келе берет. Ошондой бир ой келгенде дароо жөнөйм.

– Колуңду сураган жигиттер барбы?

– Жок эмес, сезимдерин билдирип, “жообуңду бер” деп жүргөндөр көп. Бирок менин алдыдагы 4-5 жылым бир гана спортко арналат. Калганын убакыт көрсөтөт.

– Кандай эс алууну жактырасың?

– Чынын айтайын, уйкуну абдан жакшы көрөм. Дем алыш күндөрү түшкө чейин уктап эс алам. Музыкага берилбейм, китеп окуганды кичинекей кезимден жаман көрөм. Бирок жаман көрөм деп эле аны жыйыштырып салганга болбойт да, кызыктуу китептерге анча-мынча убакыт бөлүп турам. Көп жыл мурда Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугун орус тилинде окуп чыккам. Азыр бир агайыбыздын тапшырмасы менен кыргыз тилиндегисин бардык спортчу кыздар кыдыртып окуп жатабыз. “Кыргызды дүйнөгө таанытам” деген адам кыргызды дүйнөгө тааныткан адамдар тууралуу билишибиз керек.

3-2_61 – Ийгиликтериңе кимдердин салымы чоң?

– Албетте, эң алды апамдын салымы күч. Апам мени дайыма колдойт, бир да оюма, бир да чечимиме “жок” деп көргөн эмес. 11-класска кирген жылы 1-сентябрда партада отуруп «бул жылы да окуу мага канчалык зарыл? Мен убактымды текке кетирип жаткан жокмунбу?» деп ойлондум. Убактым бош кетчүдөй сезилди да, сумкамды жыйнаштырып, апама барып шаарга кетеримди айттым. Апам макул болуп ошол эле күнү борборго жөнөп кеткем. Анан жеке машыктыруучума кезигип жашоом толук өзгөрдү. Жеке машыктыруучум Изабеков Нурбек Канатбековичтин мага кылган эмгегине абдан ыраазымын. Анан, албетте, элимдин колдоосу, ишеними мага дем-күч, кубат берет. Элдин мага болгон алкоосун ушул беттеште өзгөчө сездим.

– Ооба, беттешке чыкчу күнүңдү күн санап күтүп, социалдык тармактарда тынымсыз алкап турушту. Жыйынтык жакшы болбой калганда да күйөрмандарың жакшы тилектерин, мен-мен деген инсандар жалынычтуу сөздөрдү жазышты.

– Ооба, буларды мага апам, туугандарым, машыктыруучум, курбуларым тынымсыз маалымдап жатышты. Элимдин мындай колдоосуна абдан кубанып жаттым. Тилекке каршы, мен бир дагы социалдык тармакка катталбагандыктан аларды өзүм окуп чыга алган жокмун. Инстаграмга мени бирөө каттап коюптур. Катталуучулардын саны көбөйгөндө аны мага белек кылат экен деп уктум. Андай болсо кубануу менен кабыл алам. Бирок анда деле активдүү колдонуучу боло албасымды алдын ала эле айтсам болот.

– Сыймык Бейшекеевдин сага арнап ыр жазганын кимиси сүйүнчүлөдү?3-1_67

– Бул жагымдуу кабарды апам айтты. Анан Сыймык байкеге жолугуп баарлаштым. Жолугушууда ыр менен таанышайын десем, “жакында концертимде бет ачары болот, ошондо ук”, - деп туулган күнүнө арналган концертине чакыруу берген. Апам, эжем болуп келип күбө болдук. Мен Кочкордо окуп жүргөндө Сыймык байке концерт коюп барчу. Ал кезде ушул атактуу ырчы мага ыр жазат деп эч ким ойлогон эмес да. Ырды угуп абдан толкундандым. Сыймык байкеге терең ыраазычылык билдирем.

Булак: Леди.kg журналы, Гүлайым Калыбекова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5435
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×