Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Адистин кеңеши: Эс алууга кетип жатканда жол аптечкасына эмнелер керек?

Turmush -  Учурда эмгек өргүү мезгилинин кызуу убагы. Чемоданды чогултуп жатып, сизге албетте керек эмес, бирок ошентсе да камдап коюу туура болгон дары-дармектерди унутпаңыз.

Жол аптечкасына эмнелер керек?

Суук тийүүгө каршы дары. Эс алуу учурунда суукка урунуп алуу мүмкүндүгү абдан жогору. Анын баарына кондиционер менен акклиматизация күнөөлүү. Андыктан камдануу ашыкча кылбайт, суук тийүүнүн алгачкы белгилери башталганда эле дары ичип коюу керек.

Ысыкты түшүрүүчү. Суук тийүүдө температураны түшүрүүгө гана жардам бербестен, күнгө катуу кактанып алганда да жардам берет.

Ооруну басаңдатуучу. Айрыкча тиш жана баш ооруганда жакшы жардам берген каражаттарды алып алыңыз.

Тынчытуучу дарылар. Эгерде сиз учак менен уча турган болсоңуз, тынчытуучу жана басылтуучу каражаттарды (мисалы, валидол, валерьянка) салып алган дурус.

Ашказан бузулганда. Өтө сак жана тыкан турист да диареядан сактанууга кепилденген эмес. Жаңы тамак-аш, суу, климат ашказан-ичеги органдарына көйгөйлөрдү алып келиши мүмкүн. Өргүүнүн бир да күнүн бошко кетирип жибербөө үчүн сорбенттерди (мисалы, активдүү көмүр (дары), тамак сиңирүү органдарын жакшыртуучу каражаттарды (ферменттердин негизинде), ошондой эле спазмолитикти салып коюуңуз.

Аллергияга каршы. Үй-бүлөдө аллергиктер жок болсо да, антигистаминдик каражаттарды сөзсүз алып алуу керек! Жаңы шарттарга иммундук системанын реакциясын алдын ала билүү мүмкүн эмес, ошондуктан даяр болуп турган жакшы.

Антисептиктер. Зеленка, йод, перекись, жарага сүйкөө үчүн мазь, стерилденген бинт, салфетка, лейкопластырь, кебез - майда, бирок керек.

Терини коргогуч. Күндөн коргоочу кремдер, майлар, гигиеналык ооз боёгуч же бальзам, күнгө күйүүдөн кийин териге кам көрүүчү каражаттар, ошондой эле, күнгө катуу күйүп калууда алгачкы жардам берүүчү каражаттарды унутпаңыз.

Теринин ириң жаракаттары. Абсцесс, фурункул, карбункул, панариций, гидраденит, фолликулит - жайында пайда болушу толук ыктымал тери көйгөйлөрүнүн толук эмес тизмеси. Эскертүү! Тери ооруларына сүйкөлүүчү ар кандай дары каражаттарды сөзсүз дерматологдун кеңеши менен пайдаланыңыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10862
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу