Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

КРда баңгизаттар менен мыйзамдуу иштеген 3 жеке фирма бар, - БКМК төрагасынын орун басары С.Эрматов (маек)

Turmush -  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү болуп, өлкө мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин түрлөрү саналат.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине ылайык, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү - 4 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Ал эми баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүү деген эмне жана мыйзамдуу жүгүртүү эрежелери бузулган болсо, мыйзам бузуучуга кандай жаза берилет?

Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Сэйитбек Эрматов «Турмуш-Баракелде» сайтына айтып берди.

1111

- Баңги каражаттарын мыйзамдуу жүгүртүү деген эмне?

- 1998-жылдын 22-майындагы «Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» КР мыйзамына ылайык, баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү болуп, буга уруксаты бар, баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, салып жиберүүгө, башкага берүүгө, өткөрүүгө, бөлүштүрүүгө, алууга, пайдаланууга, КРнын бажы аймагына алып келүүгө, бажы аймагынан алып кетүүгө байланыштуу болгон мамлекеттик органдардын, жеке жактардын, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар менен мекемелердин иши саналат.

- Баңгизаттарга мамлекеттик көзөмөлдү БКМКдан башка дагы кимдер жүргүзөт?

- Жогоруда айтып өткөн мыйзамга ылайык, баңги заттарга мамлекеттик көзөмөлдү жана мониторингди баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт. Андан тышкары, саламаттыкты сактоо органы, мамлекеттик ички иштер, мамлекеттик улуттук коопсуздук органдары, Башкы прокуратура, бажы кызматынын органы ишке ашырат.

- Баңги каражаттарын мыйзамдуу жүгүртүүгө кимдер укуктуу?

- Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө лицензиялары бар юридикалык жана жеке жактар, башкача айтканда бул заттарды жеткирүүчү фирмалар-импортерлор укуктуу, бирок алардын аталган каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө ишмердүүлүк кылууга атайын лицензиясы болушу керек. Лицензиялоо КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

- Кыргызстанда мындай фирмалардан канча?

- Кыргызстанда учурда 3 жеке фирма бар. Алар КР өкмөтү тарабынан белгиленген формада тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдында отчет беришет.

- Ал эми өлкөдөн мыйзамдуу ташып чыгуу боюнча эмне айта аласыз?

- Кыргызстандын аймагында баңги каражаттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу өндүрүү болгон эмес, андыктан көзөмөлгө алынган заттардын экспорту жүргүзүлбөйт.

- Импорттолуп келген товарлар кайда сакталат?

- Ташылып келген товарлар ошол импортер фирмалардын дарыкана кампаларында сакталат. Сактоо талаптары КР өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген.

- Кийин ал товарлар кантип бөлүштүрүлөт?

- Кампада сакталган баңги каражаттарын бөлүштүрүү жана берүү боюнча КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тендер өткөрүлөт. Тендердин жыйынтыгы менен дарылоо-профилактикалык мекемелер арасында, ошондой эле жеке дарыканалар менен клиникалардын суроо-талаптары боюнча бөлүштүрүлөт.

- Баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүү түрүн көрсөтүп, эреже бузган учурлар катталды беле?

- Акыркы 10 жылда мындай фактылар катталган жок.

Маалымат иретинде:

КРнын Кылмыш-жаза кодекси, 251-берене. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүүнүн жана мыйзамдуу жүгүртүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу

(1) Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, эсепке алуу, берүү, сатып өткөрүү, сатуу, бөлүштүрүү, ташуу, жөнөтүү, сатып алуу, пайдалануу, алып келүү, алып чыгуу эрежелерин бузуу же болбосо атайын контролдо турган баңги каражаттарын же психотроптук заттарды даярдоо үчүн пайдаланылуучу аспаптарды же жабдууларды жок кылуу алардын жоголушуна алып келсе, эгерде мындай жосун көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо анын милдетине кирген адам тарабынан жасалса, -жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Баңги кылуучу каражаттардын жана психотроптук заттардын акыркы 5 жылдагы импорту боюнча маалыматтар КР өкмөтүнө караштуу Баңгизаттады көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын Баңгизаттарды көзөмөлдөө жана алдын алуу кызматынан алынды:

2011-2015-жылдар аралыгында баңги кылуучу каражаттардын импорту боюнча маалымат

Аталышы

2011-жыл

2012-жыл

2013-жыл

2014-жыл

2015-жыл

Кодеин

-

23,67 г

403,21 г

809,324 г

1123,2 г

Метадон

29,824 кг

7,6203 кг

13,5 кг

27 кг

54 кг

Морфин

752,4 г

702,4 г

428,5 г

965,5877 г

1505,88 г

Фентанил

19,5 г

18,201 г

17,65 г

14,58 г

16,56 г

Этилморфин

 

-

-

-

-

Тримеперидин

1800 г

1205,55 г

1767,04 г

2650,56 г

1460,8 г

2011-2015-жылдар аралыгында психотроптук заттардын импорту боюнча маалымат

Аталышы

2011-жыл

2012-жыл

2013-жыл

2014-жыл

2015-жыл

Клоназепам

2497,39 г

1102,35 г

1989 г

1743,4 г

1895 г

Алпразолам

18 г

76,41 г

89,01 г

76,15 г

80,94 г

Диазепам

16577,8 г

14760,23 г

11619,6 г

10904,5 г

18791,3 г

Хлордиазепоксид

1050 г

-

-

-

-

Фенобарбитал

140000 г

15 г

99985,93 г

2800 г

9800 г

Мидазолам

51 г

75,65 г

63,75 г

37,5 г

37,5 г

Бромазепам

-

-

0,740 г

-

-

Триазолам

-

-

-

0,01 г

-

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3656
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×