Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Теракт учурунда аман калуу үчүн 5 негизги кеңеш

Turmush -  Террактын борборунда болуп калганда сиз жасаганга эч болбой турган нерсе - өлүп жатып калгандай түр көрсөтүү. Бул тууралуу британиялык өкмөт жазган кеңештерде айтылат.

Андан тышкары, терроризм менен күрөшүү боюнча борбор (NaCTSO) чыгарган отчетто, адамдарга куралдуу кагылыштардын, кол салуулардын же теракттын борборунда болуп калган учурдагы мыкты стратегиялар жана моделдер тууралуу маалымат берилет.

Төмөндө террористтик актынын борборунда болуп калганда ден соолукту жана өмүрдү сактап калууга жардам берген 5 негизги кеңеш:

1. Качуу

Аман калуу боюнча адистердин биринчи кеңеши - качуу. Качуу үчүн коопсуз варианттарды карап көрүп, ошол багытка чуркаңыз. Сиздин жаныңыздагы адамдарды да кошо качууга үндөңүз.

2. Өмүр буюмдардан кымбат

Аэропорттордогу теракттар учурунда тартылып калган видеоматериалдар менен сүрөттөрдөн, өзүн куткарууга жанталашкан элдер чемодандарын кошо сүйрөп жүрүшкөнүн көрүүгө болот. Өмүр сиздин буюмдардан кымбатыраак, гардеробду же ноутбукту сактайм деп өзүңүздү тобокелге салбаңыз.

3. Жашыныңыз

Сизди өрттөн же жарылуудан коргой турган баш калканы табыңыз. Дубалдары калың имараттар - жакшы вариант. Жашынууга жай тапкан соң мүмкүн болушунча ичине терең кирүүгө аракет кылыңыз, ооздон алысыраак болуңуз.

4. Башты кылтыйтпаңыз

Тышта болуп жаткандар сизге канчалык кызыктуу болсо да, моюн созуп, башты чыгарбаңыз. Эстеп коюңуз, эгерде сиз кол салгандарды көрүп жатсаңыз, алар да сизди көрүшү мүмкүн. Тынчтыкты сактаңыз, үн чыгарбаңыз. Телефондогу күтүлбөгөн чакыруу же СМС сизди «карматып койбошу» үчүн аны вибрациясы жок үнсүз режимге коюп алыңыз.

5. Жардамга чакырыңыз

Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, куткаруу кызматына телефон чалыңыз, полицияга өзүңүздүн турган жериңизди жана кол салгандардын жүргөн жерин, алар багыт алган тарапты кабарлаңыз. Мүмкүн болсо кылмышкерлерди сүрөттөп бериңиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5915
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 76 адам окуп жатат)
×