При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Коралл тоокторун баккан Э.Момунов 200 миң сомго ферма түптөгөн (фото)

Turmush -  Коралл породасындагы тоокторду багуу менен алектенген Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну Эмилбек Момунов фермасын 1 жыл мурун түптөгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, учурда фермасында 200 тоок бар. Ага Голландиянын Кыргызстан менен биргелешкен «Агро-Натуро» компаниясы көмөк көрсөткөн.

Жубайы Күмүш дагы акы төлөнүүчү курстан окуп, тоокторду туура багууну, киреше алуу жолдорун үйрөнүп чыккан. Ал эми, тоок ферманы ачууга жалпы 200 миң сомдук каражат кеткен. Ал каражатты туугандарынан алып, 6 айдан кийин кайтарып бергенин кошумчалашты.

«Алгач жумуртканы сатуу кыйын болду. Себеби эл жумуртканы да ишенимдүү адамдардан алат экен. Ишибиз былтыр сентябрдан тартып жакшы жүрүшүп, жумуртка жакшы сатылып жатат. Тооктун түйшүгү көп, күндө 1 миң сомго жумуртка сатсам, анын жарымы жемге кетет. Кышында жемди көп жеп, жайында азаят. 1 даана жумуртканы 6 сомдон сатабыз. Жемге кошумча сүзмө, быштак берем. Себеби тооктун организми талап кылат», - деди Э.Момунов.

Ал кошумчалагандай, бул тооктор 1 жыл 6 ай убакыт жакшы жумуртка берет, андан кийин азайып кетет. Быйыл ноябрда алмаштырып, эт багытына өткөрүүнү пландап жатат.

Э.Момунов учурда 1 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1042
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу