Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Адистин кеңеши: Күндөн калкалоочу көз айнектер эмнеси менен кооптуу?

Turmush -  Бүгүнкү күндө дээрлик баарында күндөн калкалоочу көз айнектер бар. Адамдын көзү жарыкты кабылдоо үчүн атайын түзүлүштө. Көздүн өзүндө эле коргоочу механизмдер бар, ага ирмөөчтөр, айнекчел (көздүн тунук чели) жана албетте, карек жайгашкан көздүн айланасындагы карек чели. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын офтальмолог врачтары айтып беришти.

Дарыгерлер билдиришкендей, күндөн коргоочу айрым көз айнектер тескерисинче, көзгө зыян гана келтириши мүмкүн. «Жарык көбөйгөн учурда көздүн кареги нурду аз өткөрүү үчүн ичкерүү процессинде болот, ал эми жарык начар болсо карек кеңейет. Көз айнекке көнүп алган адамдар көздүн ашыкча чыңалуусунан качуу үчүн сапаттуу жана күндөн жакшы коргой турган көз айнектерди алуусу керек», - дешти врачтар.

«Өкүнүчтүүсү, көз айнектер көчөлөрдө, жолдун бойлорунда, жер астындагы өткөөлдөрдө сатылат жана албетте алардын сапаты шектүү. Алардын айрымдарында ультракызгылт коргоочусу жок. Мындай көз айнектерди тагынуу тордомо чел (көздүн эң  ички чели, мында көргөзгүч нервдин рецепторлору жайгашкан) үчүн өтө кооптуу», - дешет адистер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4351
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу