Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 20.06.2016 08:19

Айыл турмушу: Эскини жаңы кылган жаш уста М.Намазбековдун эмгектери (фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын тургуну Намазбеков Максат 12 жылдан бери эски эмеректерди жасалгалоо менен алек. Анын иши менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

«Токонбаев Акылбек деген байкемдин эмерек жасаган цехинде 6 жыл иштеп, ошол жерден үйрөнүп, кийин өз алдымча иштеп көрүүнү чечтим. Ошентип ишим башталып кетти. Каражат деле көп кеткен жок. Болгону өзүмө керектүү шаймандарды сатып алдым. Кыйынчылыктар албетте болду. Жарнамаларды кагазга 100дөп чыгыртып алып, подъезддерге, аялдамаларга чаптачубуз. Бирок, ал кыйынчылыктар өз жемишин берди», - дейт ишкер.

Максат Намазбеков эмеректин талкаланганына, көлөмү менен абалына жараша баасын бычып берет.
Ал 1985-жылы Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлү, 3 кызы, 1 уулу, бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×