Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Талас

Элдик уламыш: Киров суу сактагычы курулганда көчкөн эл Жаңы-Жер айылын негиздеген (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылы 1950-жылы негизделген. Бул тууралууTurmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.

Алардын айтымында, Киров суу сактагычы курулган кезде эски конушту таштап, ушул жерге көчүп келишкен.

«Айылдын аталышы Киров суу сактагычы менен байланыштуу. Киров суу сактагычы курулар алдында Балыкчы айылын көчүрүп, анын ордуна суу сактагыч куруу үчүн айыл элине түшүндүү иштери башталган. Башында көп убакытка көнбөгөн элге ылайыктуу жер издешип, азыркы айыл турган аймакты сунуштап, көчүрүп келишкен экен. Ошентип айылдыктар бул аймакка жаңы көчүп келдик, айылдын атын Жаңы-Жер атайлы деп чечишкен», - деди айылдыктар.

Айылда 1000ге жакын адам жашап, орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, китепкана бар. Элеттиктер негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10603
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×