Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Адистин кеңеши: Өрүк бактарын үшүктөн кантип сактоо керек?

Turmush -  Көпчүлүк мөмөлүү дарактарга салыштырмалуу өрүк багы эрте гүлдөйт. Ошондуктан өрүк дарактарынын гүлүн эрте жаздагы үшүк алып кетүү коркунучу дайыма болот. Ага даяр болуңуз.

Өрүк дарактарын отургузаар алдында үшүктүн алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү эске алыңыз.

1.Өрүктүн кеч гүлдөй турган сортторун тандоо. Мисалы, ак өрүк (столовый сорт) башка сортторго салыштырмалуу кеч гүлдөйт.

2.Өрүктү отургуза турган жерди дарыя, көлмөлөрдүн жээгине жакын жерден тандоо. Мисалы, Баткен районунда эрте жаздагы суук түшкөн мезгилде Сох дарыясынын жээгинде жайгашкан айылдарда, башка региондорго салыштырмалуу түшүм дайыма жогору болот.

3.Муздак аба оор болуп, абанын ылдыйкы бөлүгүнө түшүп келет. Жылуурак аба өтө муздак абадан жогору катмарда жайгашат. Өрүк багын отургузуу үчүн өрөөндүн рельефин эске алуу менен ыңгайлуу орунду тандоо. Дөңсөөнүн (тоонун) боорунда (капталында) жайгашкан бак үшүккө туруктуураак болот.

Эгерде Сиздин өрүк багыңыз отургузулуп калган болсо, анда үшүктүн алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

1. Өрүктүн кичинекей дарагын материал (брезент, ткань, полимердикпленка ж.б.) менен жаап чыгуу. Байкап туруп абанын температурасы 0 градус цельсияга түшөөрдөн мурда дарактарды жабуу керек. Абанын температурасы көтөрүлгөнчө жабык бойдон калат. Жабылган материалды шамал учуруп кетпеши үчүн аны даракка же жерге казык кагып бекитип коюу керек.

2. Үшүк жүрөөр алдында бактын үстүнөн майда тамчылар менен сууну үзгүлтүксүз чачып туруу. Суу музга айланган мезгилде жылуулук бөлүнүп чыгат, ошондуктан абанын температурасын 0 градус цельсиядан жогору кармап турат.

3.Тапталган жана суу куюлган жер, борпоң жана кургак жерге салыштырмалуу туруктуу келет.

4.Парга ташталган аянтта үшүккө туруктуулук беде себилген жерге салыштырмалуу жогору болот.

5. Суу музга айланган мезгилде бөлүнүп чыккан жылуулукту эске алуу менен дарактын түбүндөгү чоң идиштерге суу толтуруп коюу же үшүк алдында бакты суугаруу сунушталат.

6.Кеч күздө бакты 3% бордо суюктугу менен чачуу да үшүккө каршы туруктуулукту жогорулатат.

7.Үшүктүн алдын алуу үчүн түтөтүү ыкмасы да колдонулат. Айрым ыңгайсыздыктары - өрт коопсуздугу, гумус катмарына зыян (органикалык заттар күйүп калат), адамдын, малдын дем алуусун кыйындатат. Ошол эле учурда үшүктүн алдын алууда башка ыкмаларга караганда үнөмдүү жана эффективдүү ыкма болуп саналат. Өрт коопсуздугун эске алуу менен сууланган кыкты колдонуу, үстү күйүп кетпей түтөй тургандай топурак менен жабылат. Абанын жылуулугун 1-1,5 градуска көтөрөт. Түтөтүү абанын температурасы көтөрүлгөнгө чейин уланат. Баарыбызга малым болгондой, температура күндүзгүгө салыштырмалуу түн ичинде төмөн болот.

Бугүнкү күндө үшүктүн жүрүшүн билүү анчалык деле кыйынчылыкты туудурбайт. Бардык үйдө интернет бар. Ал аркылуу үшүккө кабылуунун алдын алса болот.
Жогордагы эскертмелерди эске түйүп, үшүктүн алдын алыңыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10538
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу